Нарын энелер

 2013-жылы Нарын облусу боюнча төрөттөн 2 эне каза болсо, бул көрсөткүч 2014-жылда 9 учурду түзгөн. Жарык дүйнө менен кош айтышкан ал энелердин бешөө акушердик кан кетүүдөн улам өлүмгө дуушар болушкан. 9 эненин бешөө Жумгал районунда катталган.

-Өзгөчө Жумгал райондук ооруканасынын Кызарт филиалында 2 эненин өлүмү болуп кетти. Мында талапка жооп бербегендиктен улам бул филиал жабылууга дуушарланган. Ошондой эле Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы 3 орундуу төрөт койкасы да жабылган,-деп билдирет облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун деректири Анара Бердикожоева айым.

Натыйжада энелердин өлүмү боюнча медициналык кеңеште талкуу өткөрүлүп, 5 жетекчи жана орун басарларга «сөгүш» жазасы берилип, 1 жетекчи жана 1 акушер-гинеколог жумуштан алынган.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу