44

36 ай мөөнөттөгү 5,8 миллион сомдук береги долбоор Нарын облусунун алкагында жүзөгө ашырылаарын КРнын Соода өнөр-жай палатасынын (СӨЖП) Нарын облусу боюнча расмий өкүлү Бейшенбек Турсунбаев билдирди.

-Бул долбоорду облустун дээрлик бардык жарандары пайдалана алышат. Мында жергиликтүү ресурстарды пайдалануу аркылуу социалдык-экономикалык жагдайды турукташтырууга Жапон эндогендик өнүгүү тажрыйбасын 2015-2017-жылдары өздөштүрүп, ыңгайлаштыруу гана зарыл. Эндогендик деген бул элдин күч аракети менен жасалуучу иш-аракеттер,-дейт Б.Турсунбаев мырза. Ал мындай долбоорду атайын жыйын учурунда облустук бийликке жарыялады.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу