школа1

  Нарын облустук усулдук билим берүү борборунан алынган маалымат боюнча 2014/2015-окуу жылындагы облустук олимпиада 27-28-февраль күндөрү Нарын шаарындагы №7 орто мектепте өткөрүлөт. Райондордон, Нарын шаарынан жана Нарын кыргыз-түрк менен облустук мектеп лицейлеринен тандалган 201 окуучу республикалык олимпиадага жолдомо алуу үчүн ат салышмакчы.

Ал эми Жалал-Абад облусунунТогуз-Торо районунан жеңишке жетишкен 20 окуучу бул жолу Нарын-Казарман жолунун кар көчкүдөн жабылып калгандыгынан улам катыша албай калышууда.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу