Нарын муфтийи

    Азыркы учурга чейин Нарын облусундагы мусулмандар дин башкармалыгында (МДБ) негизги эки көйгөй чечилбей келе жаткандыгын облустук МДБнын казысы Мамбетасан Ыбыраев таксыр тастыктады.

-Биринчи көйгөй имамдардын илиминде болуп жатат. Мечиттердеги имамдарды илимдүү кадрлар менен камсыз кылуу чечиле элек. Башкы себеп аларга эмгек акы бере албай жатабыз. Экинчиси мечиттерди жылытуу да кыйынчылыкты жаратууда. Себеби биз мечиттер үчүн электрге коммерциялык баада төлөм төлөйбүз. Ошону менен бирге мечиттерди каттатуу да оорчулукту келтирүүдө. Биз тактаган боюнча облуста 130 мечит бар. Алардын 56сы мыйзамдуу каттала элек болууда. Бул үчүн 2 млн.сомдон ашык каражат керек экен. Бизде андай акча жок. Бирок четинен каттатуу үчүн аракет кылып жатабыз,-дейт облустун башкы мусулман аалымы М.Ыбыраев таксыр.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу