трансформатор

  Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун жаңы конуштуу айылдарына комплекстүү 10 даана 160тан 250гө чейинки киловаттык трансформаторлор коюлду. Жыйынтыгында алты жүздөн ашуун үй-бүлөлөр электр кубаты менен камсыздалды.

Мындай маалыматты БУУнун өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» долбоорунун эксперти Мирлан Дыйканбаев билдирди.

-Айылдардагы жаңы конуштарды электр кубаты менен камсыздоо негизги көйгөлөрдөн болуп келген. Натыйжада долбоор алкагында жалпысы 4 млн.615 миң сом жумшалып, 8 чакырым аралыкка электр чубалгылары тартылды жана жаңы ТПлар коюлду,-деп билдирет М.Дыйканбаев мырза.

БУУӨПтүн береги долбоору облустун 30 айылын камтыйт жана Орусия Өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу