Нарын облбольница

   Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (ҮМБ) жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору боюнча өткөн жылы 3343 амбулатордук медициналык карталар текшерилгенде, алардын 31,7 пайызында кемчиликтер аныкталган. Мындан Ак-Талаа ҮМБда 40, облустук ҮМБда 33,8 жана Ат-Башы ҮМДда 33,2 пайыз кемчиликтер чыккан.

Бул тууралуу облустук саламаттыкты сактоо мекемелеринин жыл жыйынтыгы чыгарылган отурумда айтылды.

-Бул көрсөткүч мурунку 2013-жылга караганда облус боюнча 3,2 пайызга көп болду дегендикти билдирет. Ак-Талаа ҮМБда кемчиликтер 11,4 пайызга, облустук ҮМБда 6,2, Ат-Башы ҮМБда 5,5 пайызга өскөн,-деп билдирди Нарын аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу корунун деректири Сыйнагүл Шамеева айым.

Ошону менен катар облус боюнча дарылоодогу кемчиликтер 15,5, ал эми оорулууларды негизсиз жиберүүлөр 2,3 пайызды түзгөн.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу