Мурда кыргыз-казак чек арасы кандай кайтарылган болсо ошондой кала берет
Анын айтымында, Бажы биримдигине кирүүдөгү маселелер боюнча түзүмдүк бөлүмдөргө тийиштүү чаралар берилди.
«Мурда кыргыз-казак чек арасын кандай кайтарган болсо ошондой эле кайтарыла берет. Бир гана бажылык текшерүү-өткөрүү пунктарындагы айрым функциялар МЧКга берилет. Буга байланыштуу, биз кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларында 2 кошумча тозотторду киргиздик жана 3 чек ара посттору чек ара тозотторуна кайрадан өзгөртүлдү», – деген Р.Дүйшөнбиев, чек аралар боюнча инженердик жумуштар мындан ары да уланатыла берерин кошумчалады.
Ошону менен бирге, анын билдиришинче, бийик тоолуу кээ бир жерлерге чалгындоо иштери жүргүзүлдү.
«Куралдуу кылмышкерлер, баңгизаттар жана башка тыюу салынган нерселер өтүп кетиши мүмкүн болгон аймактарга жай айында чалгындоо-иликтөө топтор жөнөтүлүп, биздин «Бөрү» атайын бөлүк ошол жумуштарды аткарды», – деди МЧК төрагасы.
Булак : Баракелде
Комментарий кошуу