image (4) image image (1) image (2)

Түштүк Корея  мамлекетине баруу үчүн маалыматты дос, тааныштарымдан алдым. Андан кийин акырындык менен аракет кылып, Бишкек шаарынан корей тилинен курска жазылып окуп, андан кийин корей тилинен сынак тапшырып, өтүп кетип минтип Кореяга келдим. Билгендей эле бул жерге Кыргызстандан эмгектенгени, айрымдары билим алганы келишет. Кудайга шүгүр, бул жакта эмгек кылсаң, кылган жумушуңа жараша айлык алып, тиричилигиңди жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар. Кыргызстандан келген жарандардын көбү келишим түзүп иш алып барышат.

Боордоштор жолугушуп турабыз

Кыргыз боордоштор майрамдык салтанаттарда жолугуп турабыз. А түгүл  улуттук оюндардын түрү өткөрүлүп турат. Мекендештер ынтымактуубуз. Кара жорго бийи Кореяга да жетти. Быйылкы жылдагы Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө кыргыз бийи бийленди. Кореянын “Арираң” деген аталыштагы телеканалынын чыкыруусунда болдук. Эгемендүүлүк күнүндөгү кечеде үч кыз, эки мырза кара жоргону колубуздан келгиче катырганбыз. Ошондон кийин ар кандай конкрустарга  чакырууларды да алып жатабыз.

Менин билген маалыматым боюнча акыркы, жылдары Кореяда жумуш шартынан кысым көрсөтүлүп же укуктук жактан жапа чегүү деген нерселер дээрлик жокко эссе. Башында айтып өтпөдүмбү жумушка келген кыргыз мекендештер, бул жакка мыйзамдуу түрдө келишимдин негизинде иштеп буттан туруп кеткендери жок эмес. Бирок,  кудай сактасын кырсык же бир  жамандыктарга жардам берүүчү атайын кайрымдуулук  фонду бар. Ал фондго бул жактагы мекендештерибиз ортого жардамдарыбызды кылып достукта аман-эсен баарыбыз өз мекенибизге кайтсак деген аруу тилекте эмгек кылып жүрөбүз.

Корей калкы абдан меймандос келишет. Кичипейил улуубу, кичүүбү ийилип жүгүнүп учурашышат. Бул өлкөдө мыйзам күчтүү, уурулук деген жок, ашыкча уруш талаш ызы-чуу деген болбойт. Жарандары мээнетчил, эмгекчил болушат. Мен көргөн өзгөчөлүктөрү ушулар деп айта алам. Ал эми жаңы келгенде тамактарына көнө албай бир аз кыйналып жүрдүм, азыр болсо баары жакшы. Бул жакта нанды аз өлчөмдө колдонуп, көбүнчө деңиз өсүмдүктөрү жана капуста, күрүч жана башка тамактарды жешет.

Ар бир сыртта жүргөн жаран өз мекенин сагынат. Кыргызстан жөнүндө тынчсызданат деп ойлойм. Ошондуктан Кыргызстаным өнүгүп өсүүсүн тилек кылам! Келе жаткан Жаңы жылда ар бир кыргыз жаранын тилеген максаттары ишке ашсын. Учурдан пайдалынып, Талас облусунун Көк-Ой айылында жашап жатышкан ата- энеме, бардык жакындарыма жылуу салам айтам. Уулуңар буюруса жаныңарга барып калат.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА