азамат1

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  29-январда Жогорку Кеңеш жыйынында 2-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңеш депутаттары – Азамат Арапбаев, Чыныбай Турсунбеков, Дастан Бекешев, Кожобек Рыспаев, Исмаил Исаков, Замир Бекбоев, Бакыт Шаршеев, Мыктыбек Абдылдаев, Туратбек Мадылбеков, Бахтияр Кадыров, Марат Султанов, Элмира Иманалиева жана Дастан Жумабеков.

Жыйынга мыйзам долбоорун депутат Азамат Арапбаев алып чыкты.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору учурдагы айрым акциздик товарлар боюнча акциздин ставкалары мурда аныкталган чектелген мүмкүнчүлүктөрүнө жеткендиктен, кээ бир товарлардын түрлөрүнө: арак, ликер-арак ичимдиктери,күчтүү ичимдиктер, күчтүү ширелер жана бальзамдар, коньяктар (коньяк спиртин кошпогондо), бөлүштүрүп куюлган же эндей пиволор, алкоголу аз ичимдиктер, күйүүчү жана майлоочу материалдар (бензин,, мазут акциздик салыктын базалык ставкаларын жогорулатуу максатында даярдалган.

Талкууда Кожобек Рыспаев, Исмаил Исаков сыяктуу депутаттардын бир тобу арак ичимдиктерине акциздик салыктын ставкаларын жогорулатууга макулдуктарын билдиришти. Бирок депутаттар Данияр Тербишалиев, Роза Акназарова, Улукбек Кочкоров сындуу депутаттар нефти продуктыларына акциздерди көтөрүүгө каршы пикирлерин ортого салышты. Р.Акназарова күйүүчү майларга акциздери көтөрүлсө, башка күнүмдүк тамак-аш жана башка товарлардын баасы көтөрүлүп кетет.

Суроолорго жооп берип жатып, депутат А.Арапбаев бул жерде дыйкандардын айдап-себүү, жыйноо иштерине дизелдик майлар колдонуларын эске алып, аны жогорудагы тизмеден чыгарылгандыгын жооптоду. Ал эми калган көрсөтүлгөн товарларга акцизди көтөрүүдөн түшкөн каражаттарга мугалимдердин маянасын көтөрүү шарты Өкмөткө коюлгандыгын кошумчалады. КР Экономика министри Темир Сариев дагы мыйзам долбоорун колдоого алып, айрым суроолорго жооп берди.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.