Москвада ноябрь айынын экинчи жарымында кыргыз тили боюнча олимпиада өтөт. Иш-чараны Москва мамлекеттик лингвистикалык университети Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин катышуусунда өткөрүүдө. Бул тууралуу 23-октябрда элчиликтен билдиришти. 

“Москвадагы диаспоралардын тили жана маданияты боюнча жалпы жана орто кесиптик билим берүү жайларында окугандар  үчүн өткөрүлө турган Олимпиада” шаардык билим берүү департаментинин колдоосунда өтөт.

кыргыз тилиБулак: super.kg