парламент1

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору бүгүн, 2-мартта 1-окууда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Эсенгул Исаков, Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Жылдызкан Жолдошова, Максат Сабиров, Кенжебек Бокоев, Наталья Никитенко, Алмазбек Батырбеков, Сайдулла Нышанов, Надира Нарматова, Тынчтыкбек Узакбаев, Абдулатип Режевалиев, Эркингүл Иманкожоева, Мамытбай Салымбеков.

Комитет жыйынына мыйзам долбоорун демилгечилердин бири депутат Э.Исаков алып чыкты.

Мыйзам долбоору айыл чарба багытындагы жерлердин, бөлүнгүс болуп саналган белгилүү бир өлчөмүн мыйзам аркылуу бекитүү менен дыйкан чарбаларынын ириленишине, ошондой эле жерлерди бир категориядан экинчи категорияга негизсиз которууларын азайтууга багытталган.

Баяндамачы Э.Исаков республика боюнча трансформацияланбаган жерлерге үй куруу фактылары боюнча республиканын баардык райондорун ведомстволор аралык түзүлгөн комиссия иликтеп, кыдырып чыкандыгына токтолду. Натыйжада 1983-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилде республиканын 32 районунун 217 айылдык округунда 13476 гектар жер (анын 11 миң гектары сугат жерлер болгон) трансформацияланбай үй курулган. Алар менчик жерлер эмес, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери болгон.

Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга түзөтүү каралган. Аны менен сугат айдоо жерлерин 2009-жылдын 31-июлуна чейин жеке турак үйлөр курулган айыл чарба жерлерине мораторий жайылтылбастыгы белгиленген. Ал эми КР Кылмыш-жаза кодексине жер тилкелерин өзү билип басып алууга багытталган атайы аракеттер 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланаары көрсөтүлгөн. КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске түзөтүү менен жер тилкелерин өзүм билемдик менен басып алган жарандардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги күчөтүлгөн.

Талкуунун жүрүшүндө берилген жерлер менен курулган үйлөрдүн айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин деңгээлинде документтери бар экенин, бирок Өкмөттүн тешелүү токтому жоктугу белгилүү болду. Ошол мезгилдерде жерлерди үй салууга берип жиберген бийлик ээлеринин жоопкерчилиги каралышы керектигин сунушталды. Өкмөттүн тиешелүү токтомусуз салынган үйлөр турган жер тилкелери революцияларга тиешеси жоктугун белгилеген депутат Талантбек Узакбаев сунушталган мыйзам долбоорун колдоо зарылдыгын, анткени азыркы тапта атасы баласына үйүн мурастап калтыра албай жаткан сындуу ыңгайсыздыктар көп болуп жаткандыгын билдирди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жолдонду деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.