КРнын ички иштер министри Мелис Турганбаев өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин атына Талант Исаевдин талапкерлигин КР ИИМдин мамлекеттик адистештирилген кайтаруу күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси кызматына дайындоо жөнүндө көрсөтмө жөнөттү.

М.Турганбаевдин АКИpress агенттигине маалымдашынча, билдирме азыркы учурда Ж.Оторбаевдин кароосунда турат.

«Билдирме азыркы учурда каралганбы мен билбейм. Белгилүү болсо ИИМдин басма сөз кызматы расмий маалымат берет»,- деди ал.

Талант Исаев ИИМдин жол күзөт кызматынын жетекчиси болуп иштейт жана ал бүгүн өзү жөнүндөгү бул маалыматты төгүндөгөн.

Тема боюнча: ИИМдин ЖКК жетекчиси Т.Исаев ээлеген кызматынан бошотулуп, башка ишке дайындалгандыгы тууралуу кээ бир ЖМКгы маалыматты жокко чыгарды