түрмө

2013-жылдын 1-декабрында, Нарын областынын ИИМнин 3 кызматкери, милициянын прапорщиги Б.Ч.Ш., милициянын ага лейтенанты С.Ж.Э. жана милициянын майору Т.Р.Т. Чаек айылынын тургуну А.Мамбеталиевдин автоунаасын токтотуп, ага карата кызмат адамдары катары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан аша чабышып, зомбулук колдонушуп, Мамбеталиевди коркутуп, урушкан. Натыйжасында, алган жараттарынан А.Мамбеталиев каза тапкан.

2014-жылдын 20-февралында милициянын 3 кызматкеринин кылмыш иши боюнча Жумгал райондук сотунда сот отуруму өтүп жатканда, А.Мамбеталиевдин туугандары жана тарапташтары болгон жогорудагы 16 киши бейбаштык иштерин сот залында башташкан. Алар кызматкерлерди уруп, сабап, өрттөп жиберишкен. Залдан качып чыккан майор Т.Р.Т. өлтүрүлгөн.

2015-жылдын 25-февралында Токмок шаардык соту милиция кызматкерлерине карата сот залында мыйзамсыз ишке барган жарандарга карата өзүнүн өкүмүн чыгарды.

Мамбеталиев Мааданбек Бейшенкулович КР КЖКнын кылмыш далалаты, киши өлтүрүү, саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү, саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүү, хулиганчылыкберенелери менен күнөөлү деп табылып, 19 (он тогуз) жыл эркиндигинен ажыратылып, үй мүлкү конфискацияланып, жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү чектелди.  Карыбек уулу Жыргалбек КР КЖКнын кылмыш далалаты, киши өлтүрүү, саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү, саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүү, хулиганчылык беренелери менен күнөөлү деп табылып, 18 (он сегиз) жыл эркиндигинен ажыратылып, үй мүлкү конфискацияланып, жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү чектелди.

Мамбеталиев Жыргалбек Бейшенкулович КР КЖКнын кылмышка шериктеш болуу, кылмыш далалаты, киши өлтүрүү, хулиганчылык, адамды уурдоо, мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу,саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүүберенелерименен күнөөлү деп табылып, 16 (он алты) жыл эркиндигинен ажыратылып, үй мүлкү конфискацияланып, жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү чектелди.

Мусаев Жээнбек Турганбекович КР КЖКнын хулиганчылык, саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүүберенелерименен күнөөлү деп табылып, 5 (беш) жыл алты айга эркиндигинен ажыратылып, жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү чектелди.

Кадыров Максат, Жунушалиев Рустам, Чынарбек уулу Эсен, Мамбеталиев Нурбек, Нуркамилов Каныбек, Нааматова Жамыйла, Бейшенкулова Камила, Карагулов Эсенгул, Кумарбеков Эраж, Акматов Каныбек, Мамбеталиев Бейшенкул, Макенов Талантбекке карата  эки жылга шарттуу сыноо мөөнөтү белгиленди.

Маалымат үчүн айта кетсек, бул милиция кызматкерлерине да карата соттун өкүмү чыккан. Өкүм менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун www.jogorku.sot.kg сайтынан таанышсаңыздар болот.

Айнура Токтошева, Жогорку Соттун басма сөз катчысы