Кыргызстандын Москвадагы элчилиги 1-январдан тарта ички паспорт менен Орусияга кирүүгө болбой турганын эскертүүдө.

Орусиянын жаңы паспорт эрежеси боюнча 16га жете элек балдар үчүн да жалпы жарандык паспорт талап кылынат.

Орусиянын жаңы паспорт эрежеси боюнча 16га жете элек балдар үчүн да жалпы жарандык паспорт талап кылынат.

Ошондой эле жашы 16га жете элек балдар үчүн да жалпы жарандык паспорт талап кылынат. Кыргыз бийлиги мигранттарга бир топ жеңилдиктерди алып келе турган Евразия экономикалык биримдигине быйыл декабрда кошуларын билдирген. Бирок бул документ толук ишке кирүүсүнө дагы убакыт талап кылынары айтылууда. Мигранттар бул эреже аларга кыйла түйшүк жаратарын белгилешүүдө.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, келерки жылдан тарта бул өлкөгө мурдагыдай ички ID паспорт менен кирүүгө тыюу салынат. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги 1-январдан тарта ички паспорт менен Орусияга кирүүгө болбой турганын жаңы жыл жакындаганы кайрадан жарандардын эсине салды.

Муну менен катар чек арадан өтүүдө жашы 16га жете элек балдар үчүн да жалпы жарандык паспорт талап кылынат. Элчиликтин экинчи катчысыАйымкан Кулукеева жаңы эреже тууралуу буларга токтолду:

2015-жылдын 1-январынан тартып Орусиянын аймагына чет элдик паспорт менен гана кирүүгө болот деген эскертмелерди чыгарып жатабыз. Бул маалыматты уккан жарандар чалып, ID паспорт менен жүргөндөр эмне болот деп тактап сурап жатышат. ID менен жүргөндөр Орусиянын аймагында жүрө беришет. Кыргызстанга барып, кайра келгенде алар сөзсүз чет элдик паспорт менен кириши керек болот.

Мигранттар тынчсызданууда

Орусияга ички паспорту менен Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр, Беларус менен Казакстандын гана жарандары кире алышат. Кыргыз бийлиги мигранттарга бир топ жеңилдиктерди алып келе турган Евразия экономикалык биримдигине быйыл декабрда кошуларын билдирген. Мындан улам Орусияда иштеген кыргызстандыктар жыл башынан эле жеңилдиктер болот деп үмүт артышууда.

Москвада иштеген Айнура Садыкова ID менен жүргөн кыргызстандыктар арбын экенин, жаңы эреже алар үчүн кыйла түйшүк жаратарын билдирди. Кыргызстандык мигранттар үчүн ID менен жүргөн ылайыктуу болчу. Анткени ага өлкөдөн кирген-чыкканы боюнча мөөр басылчу эмес.

Эгер Бажы биримдигине кирсек, бул эреже бизге тиешеси жок болорун Орусиянын президенти Владимир Путин “Время” берүүсүндө айткан эле. Биз ага киребизби же жокпу? Орусияда жүргөн кыргызстандыктар муну аябай күтүп жатышат. Мен кечээ эле патент алганы бардым. Көбү ID менен жүргөндөрүн көрдүм. Эгер жаңы эреже иштесе, кыйын эле болуп калат го. Азыр телеканалдардан деле ички паспорт менен жүрбөгүлө деп эскертип айтып жатышат. Паспортту алмаштырганга жарым жыл убакыт берген.

ID менен жүргөндөр Орусиянын аймагында жүрө беришет. Кыргызстанга барып, кайра келгенде алар сөзсүз чет элдик паспорт менен кириши керек болот.

Анткен менен бул документ толук ишке киришине убакыт талап кылынары айтылууда. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин миграциялык саясат бөлүмүнүн адиси Улукбек Бакеновдун белгилешинче, келишимге кол коюлган соң ал ратификациядан өтүш керек.

Биздин жарандар жеңилдиктер дароо эле 2015-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт деп ойлоп жатышат. Евразия экономикалык биримдигине 23-декабрда кол коюлат деп атат. Бирок эл аралык стандарттар, жоболор боюнча ратификацияланып бүтүп, келишим күчүнө кирмейинче жеңилдетүүлөр биздин жарандарга иштебейт. Келишимге кол коюлса да, ратификация процедуралары канча бир мөөнөттү талап кылат.

Паспорт алгандардын саны азайды

Кыргызстандык жарандар ички паспорт менен Орусияга кирүү укугуна 2007-жылы ээ болушкан. Бул жеңилдик 2015-жылдан тартып кайраалынганы жатат. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды жалпы паспорт менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк жетерин айтып келатат. Аталган кызматтын Калкты каттоо департаментинин жетекчисиДүйшөн Сатыбалдиевдин белгилешинче, быйыл жалпы паспорт алгандар жылдагыдан аз.

Буга чейин эле Орусияга жаңы жылдан тарта жарандык паспорт менен киребиз деп эл даярданып алган. Ошондуктан быйыл эч кандай дүрбөлөң деле жок. Тескерисинче, паспорт алгандардын саны азайды. 1994-жылдагы паспорттордун мөөнөтү бүтүп, көптөрү алмаштырып алган. 16 жашка чейинкилер чет жакка буга чейин деле паспорт менен чыгып жүрүшкөн. Ал эми Орусия мен билгенден балдардын өзүнө тиешелүү баракчасын жокко чыгарган жок.

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү Орусияда Кыргызстандын 600 миңге жакын жараны иштейт. Бул орус жарандыгын алган кыргызстандыктарды кошпогондогу эсеп экендиги айтылып келүүдө. Бирок алардын ичинен канчасы жалпы жарандык паспорт менен, канчасы ички паспорт менен жүргөнү тууралуу так маалымат жок.