Исак Кочкорбаев1


Кочкорбаев

Вазир жакшы – хан жакшы

(Союздун Жогорку Кеңешине эл депутаты, Социалисттик эмгектин баатыры Исак Кочкорбаевдин жубайы Тыныстан кызы Ширин жөнүндө баян)

Адам баласы жарык дүйнөгө келет да, кетет экен. Адамдын өмүрү өтө эле аз. Ушул аз өмүрүндө кудай менен болуп, элге кылган мамилеси, жакшылыгы, кулк мүнөзү, жүрүш-турушу, маданияты, адамгерчилиги менен көзү өтсө да, ал унутулбаган инсан болот. Алардын бири Исак Кочкорбаевдин жубайы – Тыныстан кызы Ширин апабыз деп эскерет улуу кызы Сонунбүбү.

Апам 1903-жылы 21-мартта төрөлгөн. Атасы кыраакы, эл баккан мергенчи киши экен. Энеси – Турду акылман, көрөгөч киши болгон. Алар Ысык-Ата жакасындагы Алиаскар Токтоналиев атындагы (Эпкин) айылында турушкан. Атам апама 1920-жылы үйлөнүптүр. Апам атамдын кишичилигине терең ыраазы болуп, өзүн бактылуу сезчү. Себеби, атам кайын журтун 1930-жылындагы ачарчылыкта “Эпкинден” “Кеңеш” айылына көчүрүп келип, колхоздон жумуш берип, үйлүү-жайлуу кылып, сыйлап турчу. Кечки тамакка дайыма кошуна кайнисин Муктарды чакыртып, анан кайненеси Турдуга тамак – устукан эти менен бердирип турчу. Атам апамдын иштүүлүк, тикмечилик өнөрүн баалап, жөндөмдүүлүгү кор болуп калбасын деп, 1930-жылдары эле кийим тигүүчү машинасын тартуулаган. Ага чейин Орузбай уулу Кадыр башкарманын кийим тигүүчү машинасы менен алардын үй-бүлөсүнө кийим тигип жүрүп үйрөнгөн болчу.

Бул белекке ыраазы болгон апам: -Эми машинанын убайын бүт айлыбыз менен көрөбүз деп сүйүнгөн. Айткандай эле апам 30-чу жылдардагы ачарчылыкта, согуш учурунда, андан кийинки оор жылдарда айылдагы улуу, кичүүлөрдүн бардыгынын кийимин тигип, элдин алкышына ээ болуп, “машиначы жеңе” аталып калган. Кийин апабыз кайтыш болгондо айылдаштары: -Ширин апанын биздин айылда эмгеги өтпөгөн бир да үй-бүлө жок. Өзгөчө өлүм-житим болуп калган учурда Ширин апа курдаштары Акиш, Ыраш менен май чыракты коюп алып, таң каткыча көйнөк, чапан тигип берер эле. Апанын эмгегине чоң ырахмат, өмүрлүү бол дегенден башка белек берүү оюбузга да келчү эмес.

-“Вазир жакшы – хан жакшы” дегендей, апам атамдын жардамчысы болгон. Алардын алдынан кандай кыйынчылыктар, тоскоолдор чыкса да жеңип, экинчи тоскоолдукту көргөндө күйүп турушчу. Башка түшкөн кыйынчылыктарды төөчө чыдашып, көтөрүп, турмуш аларды канчалык азаптарга туш кылса да, солк этпей, тике туруп, ойлогон максаттарына түз бойдон кала берүү жагынан атам, апамдын жолу жаштарга үлгү болот деп ойлойм. Мындан – өжөр эмгексиз талант жок деген үлгү алса болот.

Белгилүү хирург Иса Коноевич Ахунбаев, атам социалисттик эмгек баатыры болгондо, биздин үйдө шаардан келген чоң коноктор менен олтуруп айтты эле: “Бул жылдызда жеңемдин эмгеги зор. Жеңем мейман дос, пейили менен, туугандарынын, жолдошторунун колхозчуларды жана башка келген конокторду өзүнө тартып турган үчүн Ысактын эмгеги көрүнүп, ал Союзга Жогорку Кеңештин эл депутаты болуп шайланды жана социалисттик эмгектин баатыры болду” деген.

Апам ак көңүл, ак пейил, жакындарын сүйгөн, боорукер, меймандос, берешен киши эле. Мен же иним Раат чет мамлекеттен кымбат баалуу кийим алып келип берсек, аны өзү кийбей, сандыгына катып коюп, айылдагы тойлорго алып барчу. Мисалы, биздин колхоздун башкармасы Ормон Шаршенов байбиченин батасын алам деп, үйүнө чакырып, кымбат баалуу парча кездесе берет. Аны өзү чапан же көйнөк тигип кийбей, агасы Тыныстан уулу Ысмайылдын кыздарынын тоюна алпарган. Сиңдилери Рая менен Жаңыл апамдын баштыгындагы парчаны көрүп: – Ии эжекем бизге алтын алып келген турбайбы” деп айтышса, ошого ыраазы болуп, сүйүнүп калаар эле.

Апам күрөң жоргону минип Эпкиндеги кайын-журтунун той-аштарынан калбай барып турчу. Эртең менен бастырган апам Эпкинге бир саатка жетпей эле жетип келчү. Күрөң жоргонун жүгөн, куюшканынан тартып, ээр токумдарына чейин күмүш чегерилгендиктен, күн ачыкта баратканда жаркырап турчу. Төрт аягы тыбырчылап, токтоно албай бир жерге жаныбарым каяка чапсаң да, мен даярмын дегенсип турган Күрөң жоргону эпкиндиктер көргөндө алар: “Жылкыдан да ушундай асыл туулат экен” го деп тамшанып жатышты. Анан апам кайра үйүнө жөнөп жатканда бүт айыл болуп узатышчы.

Апам үйдө бош отура алчу эмес. Колу өнөрпоз болчу деп эскерет кызы Роза. Ал өз колу менен койдун жүнүн тытып, боз үйдүн кийиздерин, шырдак, туш кийиз, тон, тебетей жасоочу. Өзгөчө кийимди жакшы тикчү.

Эрте жаздан огородго сабиз, помидор, картошка, клубника жана жер-жемиштерин тигишчи. Алма-бак тигип, тоок, өрдөк өстүрүү биздин үй-бүлөдөн башталган. Апам мен башкарманын байбичесимин деп бой көрүнчү эмес. Бош убактысы болсо эл менен кызылча отогону, же бала бакчага тамак жасаганы чыкчы. Биздин чоң үйүбүздүн жанында апам өз колу менен жасаган алты канат чоң ак боз үй дайыма тигилип турчу. Короодо бир бээни кулуну менен, бир уйду музоосу менен кармап, күнүгө апам саап, кымыз, айран, каймак, сүзмө кылып койчу. баарынан да, апамдын жасаган боорсогу менен май токочу өзгөчө эле.

Жайында боз үй тигип, Ысык-Ата курортунда жылда эс алчубуз. Ал кезде элдин көбү Ысык-Көлгө барбай эле Ысык-Ата курортуна келишчү. Биздин боз үйгө көп коноктор келип конок болуп, батасын берип, ыраазы болуп кетишчү. Апам элди коноктоп, колу бошобой, өзү курорттун суусуна түшпөй үйгө кайтчы.

Миллионер “Кеңеш” колхозуна чет мамлекеттен көп коноктор, чоң артисттер келишчү. Чоң клубга эл батпай калчу. Концерт бүткөндөн кийин артисттер, колхоздун активдери менен биздин үйдүн, чоң комнатасына конок болуп олтурушуп, таң атканча ырдашып, тамаша салышчы. Алардын арасында: Саякбай Каралаев, Бүбүсара Бейшеналиева, Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Шаршен куудул, Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Усенбаев, Ысмайыл Борончиев, Эстебес Турсуналиев жана башкалар болгон. Саякбай Каралаев Манас эпосунан тай торунун чабышын айтканда, төрдөн жылып олтуруп, эшиктин босогосуна чейин жетчи.

Осмонкул Калык менен айтышканда мындай деген:

Жээрде кашка аттарын,

Шамалбы, желби, куюнбу?

Күпүлдөтө мактасаң

Олтурган элдин баарысы

Күлүккө деп туюнду.

Москвадан кечээ эле

Будённый келип жактырган,

Мойнуна бермет тактырган,

“Кеңеш” колхоз айгыры,

Кер-Төбөдөн кыйынбы?

Намыс кылбай аксакал, Аралап кел бир барып

Асыл-тукум уюмду.

Ошолордун баарын коноктоп, дасторконун берекелүү, кенен болуп, элдин батасын алган менин апам эле. Белгилүү жазуучу Мидин Алыбаев биздин үйдө конокто олтуруп айткан: “Кеңеш” колхоз жаман эмес, эртең менен чай, түштө күлчөтай, кечинде бешбармак менен арак…”.

Атам күнүгө “Күрөң” жоргосун минип алып, кечке чейин малчыларын, сакманчыларын, кызылчачыларын, сугатчыларын кыдырып, ар ким өз ишин кандай аткарып жатканын өзү көрүп, кеңешин берип турчу. “Күрөң” жоргонун капталында атамдын кетмени менен, апамдын жармасы жанында жүрчү. Сугатчылар менен жармасын ичип,

сугарышып да кетчи. Эртеси эртең менен контордун алдында эшикте “Наряд” өткөрчү. Эл ал жерди “Чыр дөбө” дешчү. Атам башкарма катары иш боюнча ферма башчыларын аттарын айтып, кемчиликтерине катуу сүйлөп койсо, агасы Сыдык атам (жылкы ферма башчы) таарынып үйгө келбей калчу. Ошондо апам, атам бир жака кеткенде Сыдык атамды, абысыны Айнекени, кызы Сагымбүнү, күйө баласы Сатыгылдуу (кой ферма башчы) үйгө чакырып, дасторконун берекелүү кылып, табак эт коюп, бешбармак менен сыйлап койгондо, Сыдык атамдын көңүлү ачылып, үйгө кайра келип калчу. Ошондо атам апама: – “Ии мен жокто дагы чакыргансың го”… деп ичинен сүйүнүп калчу эле.

Кошуналар үйүнүн терезесинен биздин үйгө келип-кеткен кишилердин баарын көрүп, карап турушчу. Коноктор кеткенде апам кошунасы Батыйнаны, Аселди (колхоздун кассири) дайыма чакырып, сыйлап турчу. Алар келип апама: -“Абысының сени жамандап эле, ушак айтып жүрөт деп айтышса, апам мейли мага кайра жакшы болот. Кээ бир өлкөдө жамандасын деп айтчу экен деп койчу апам.

Балдарынын саяпкери

Менин отпускам үй-бүлөм менен ушул үйдө өтчү деп эскерет күйөө баласы Мелис Кадыр уулу. Эки эгиз уулдарым – Эрнест, Эмил, кызым Мираны апам багып чоңойткон. Биз союз убагында офицер болуп, Ленинграддан, Германиядан, Пермден, Үч-Аралдан дайыма жайында келип, конок болуп эле жатчубуз. Апам биз турганча эки чака алманы огороддон терип алып, Канттын базарына алпарып сатып, үйгө кант чай, конфет алып келип, анан самоор коюп, кайнатып, бизди тургузуп, чай бергени менин эсимден кетпейт.

Апам жаман айтпаган, татынакай өз ара ынтымагы, кичи пейилдиги жагынын элинин сүйүүсү, адал эмгек менен жуурулушкан, таза ыйманы балдарынын, неберелеринин тарбиясына өзүнүн жемиштүү таасирин тийгизген. Ал бир чети жамандык, жакшылыкты көп көрүп, көздөрү ачылгандыктанбы, же өзгөчө педагогикалык туюмдары аркылуубу айтор, үй-бүлөдө балдарды кагып-силкип, тилдеп, катуу кармаганга караганда мээрим төгүп, өрнөк көрсөтүп, акыл-эсин ойготуп мамиле жасоонун артыкчылыгын астыртан түшүнгөн апам балдарынын саяпкери болгон.

Атам, апам курган үй-бүлөдө өзгөчө мамилелер өкүм сүрөр эле. Урушуп-талашуу, нааразы болуп кыжынуу мындай турсун, катуу сүйлөгөн үнү угулчу эмес. Кандайдыр эркин табигый мамилелер көзгө көрүнгүс алтын жиптер менен ата-эне баланы байланыштырып, адамгерчиликтин жагымдуу илебине ар дайым үй ичи толуп турар эле. Улуулар кичүүлөр үчүн ага, эже да, дос да, теңтуш да болчу. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар дайым кыларга иш жок басып жүрүшкөнүн, байлык жөнүндө кеп салышканын эч уккан жокмун.

Апам, атамдын колунда мээрими төгүлгөн, сүйүү тарбиясын көрүп, мен жайыты кең жайлоодогу кулун жалдай өстүм деп эскерет кичи уулу Мекен. Сегиз жашка чейин мен көбүнчө апамдын тарбиясында болдум. 1957-жылы атам пенсияга чыккандан баштап, мен анын тарбиясында болдум. Мектептен келгенден кийин, атам экөөбүз 30 сотых алма бакты сугарып, күрөктөп, жер-жемиштерди тигип салчубуз. Атам, апам мага чоң авторитет эле. Алар мага эмгек тарбиясын – эмгекчил болгонду өзүлөрү иш менен көргөзүшчү.

Апам күнүгө кыш мезгилинде эртең менен саат 5те туруп, мештин күлүн чыгарып, от жагып, чай кайнатып, каттама же калама, май токоч жасап, атамды жумушка узатып, анан мени тургузуп, мага тамак берип, мектепке жөнөткөндөн кийин, биздин кийимдерибизди жууп, үтүктөп койчу. Түшкү тамакка атам кээде шашып келчи. Апамдын тамагы даяр боло элек болсо, бурулуп кайра жумушка шаша жөнөчү. Апам, атамдын артынан кийим щёткасын ала чуркап, костюмун, өтүгүнүн чаңын тазалап калганга араң жетишчи.

Апам мага сөз менен айтып түшүндүрүп, мээрмин төгүп, урушпай тарбия берчи. -“Балам, өрнөк баштаган өргө чыгат, ийнек баштаган ийинге киргизет. Өрнөк деп эркекти, ийнек деп аялды айтат. Майда-чүйдө үй тиричилигине көп кийлигишпе, аны жубайың тейлесин.

Сен көз салып эле жүр. Алысты карап, көрө бил. Балам бүркүттөй бол. Бүркүт бийик учуп, алысты көрөт. Майда-чүйдө үйдө же жумуштагы чыр-чатактан бийик бол балам” дегени эсимде.

Баарынан мурда апам Кудайга ишенген, жөнөкөй, адамгерчиликтүү, ак пейил, кичи пейил, ким менен сүйлөшсө да сылык мамиле жасаган киши эле. -“Балам” кичинекей нерсеңди аяп, чоң нерседен кур калба. Колуңдан келсе эл-журтуңа жардам берип жүрсөң, жараткан Кудай сага берет” дечү.

-“Эгерде ар бир үй-бүлөдө ынтымак күчтүү болуп, ата-эне, уул-кыздарына, небере-чөбөрөлөрүнө Кудайга бекем ишенүү, аны сүйүү, андан кийин ата-энесин, жакындарын, элин сүйгөндү үйрөтүлсө, анда ал үй-бүлөнү Кудай колдойт, жалаң тууган-туушкандары эмес, душмандары сыйлап турат” деп айтчу эле апам.

Бир күнү чай ичип олтуруп апам мага мындай деди: -“Балам Кудай ырыскысын сага берет деди. Апа мен эми 40тан аштым, эми качан Кудай мага ырыскы берет” дедим мен. Балам шашпа ырыскы ал акча эмес, чоң кызмат эмес. Кудайым ырыскысын бардыгына тең чачат, үйдөн-үйгө кыдыртып айттырат. Жети кишинин бири кыдыр дешет. Үйдөн-үйгө кыдырып жүргөндөр ырыскы алып келет. Бир күнү сага да алар ырыскы алып келет. Ошондо угуп, кармап кала албасаң, анда ырыскың башка үйгө кетет. Ошол Кудай берген ырыскыны кармап калган киши гана бактылуу, өмүрлүү боло алат. Ырыскы бакыт тоголок, токтотушка эр керек. Эл эмне дейт деп коркпой, чындыкты эр жүрөктөр гана кабыл алат. Балам мен өлгөндө туугандарыңар, туусун камдап, душмандарың чыгат. Бирок, сен алардан коркпо, таза жүрөк эр бол, чындык туусун көтөр. Дайыма чындыкты айт. Кудай менен мамилени бекем түзүп алсаң, убакыт келгенде Кудайдын руху өзүңдүн жүрөгүңдүн түбүнөн сездирип, туура жолго салат. Ошону тыңшап, угуп аткар.

Балам өзүңдү таза карма, калп айтпа, жамандык кылмак турсун ойлобо, анткени, кийин кайрылып келип өзүңө же балдарыңа тийет. Эч кимди сындап, сынап, кемитип сүйлөбө. Кудайды сүйүп, элге жакшылык кылсаң – күнү-түнү дебей талаада болобу, кайсы жерде болсоң да жолун ачык болот. Эч нерседен коркпой жүрө берсең болот. Эч ким сага, эч качан тийбейт. Анткени, бир жараткан Кудай өзү колдойт. Ата тегиңди колдоп келген, сени да, сенин балдарыңды да колдойт деген апам.

Апам дайыма атамдын аман-эсен болушун Кудайдан тилеп, үйдө түн ортосуна чейин уктабай күтүп олтурчу. “Карынын сөзүн капка сал” деген сөз бар эмеспи. Ошол апам айткан “Кудайдан тилеп, жакшылык кыл” деген акыл сөздөрүнө далил катары апаман уккан жана өзүмдүн башыман өткөн окуяларды баяндап берейин.

1920-жылдары апам жаңыдан турмушка чыкканда, атам талаада ат минип келе жатып, үйгө жакындаганда, аты бир нерсени сезип, баспай коёт. Көрсө, жолунда кишинин санындай болгон чоң жылан жатыптыр. Атам 40 чаам жүрүшкөн досу Асынбай менен агасы Сыдыкты чакырат. Алар жыландын артынан калбай кууп жүрүп, чалгы менен чапкылап өлтүрүшүп, жерге көмүп салышат. Кийин биз турган үйдө. Мейли боз үй, мейли жер там болсо да жыландар жүрчү. Апам аларды үйдүн ээси деп өлтүртчү эмес. Жыландарга сүт куюп, ак чачып чыгарган апамдын боорукерлиги жыланга да карасанабаган апамдын кереметтүү сапаттары бар эле. Апам жан-жаныбарларда, дегеле тирүүчүлүктүн бир келген конокторуна дасторкону жайылып турчу.

1957-жылы жайында биз Ысык-Ата курортунун үстүндө “Камыр” деген дөбөгө боз үй тигип, эс алганы келдик. Атам ишенби күнү кечке маал “Кеңеш” айылынан 50 чакырым жерден жумуштан келип, “Күрөң” жоргосун мага мингизип, өзү курорттун суусуна түшкөнү кетет. Атактуу күрөң ат менен үйүрдөшкөн “Тор” бээнин кулуну – “Күрөң” тайды, мен эки жыл мурун ушул жерден минип достошкон элем. Апам “Тор” бээни саар маалында кулун тайчы мени мингизип койчу. Анын жооштугу башкача эле. Мен аягынан чуркап өтсөм да, былк этип койбойт. Үзөңгүгө бутум жетпей, эрдин кашынан тырышып жатып, эки бутумду салаңдатып, сүйрөлүп, зорго араң жерге түшөм. Ошондо да кулагын жапыруу деген “Күрөң” тайда жок эле. Мен кулун тайды минген сайын кубанып, тайым желип кетсе кыткылыктап, борсулдап күлүп, үстүнөн жерге түшкүм келбей, ары-бери чаап, көптө анан кайрылып келем. Мына эми ошол атактуу “Күрөң” аттын кулуну атам минип келген атактуу “Күрөң” жоргону мен да минип калчу элем.

Ошол кезде апамдын Уска деген сиңдисинин күйөө баласы – Шермаалы жезде (колхоздун чабаны) кечке маал бизге козу, кымыз алып келген. Ал боз үйдө чай ичип олтуруп айтып калды:

-Ушул тоонун чыгыш жагын “Туюк” деп коёт. Токою көп, кооз жер. Түн ичинде карышкырлардын үндөрү чыгып турат. Биз ошол жерде боз үй тигип, колхоздун коюн кайтарып жатабыз деп чайды шаша ичип, кетмек болот. Менин кулагыма кооз токойлор менен карышкырлар угулганда: -“Мен да кошо барып көрүп келейин деп сурандым андан. Шермаалы жезде макул болуп, апамдан уруксат сурап көндүрөт.

-“Эртең менен кайра жеткирип келет” деп. Мен курортко чуркап барып атаман “Күрөң” жоргону сурадым. Атам элдин көзүнчө унчуккан жок. Унчукпаганы макул болгону эле. Менин ошондогу сүйүнгөнүмдү айтпа. Анткени, “Күрөң” жоргону биринчи жолу алыска минип чыккам. Ошол сапарда көргөн “Туюктун” кооз токойлору менин эсимде өмүр бою калды. Биз эки саатча жол жүрдүк. Тоого чыгып, караңгы кире баштаганда жеттик боз үйгө. Келери менен Шермаалы жезде жубайы Калыя эжем менен койлорду короого киргизгени кеткенде, мен “Күрөң” жоргонун тизгинин колуман түшүрүп жибердим. Күрөң жорго үйдү карай кайра кетти. Мен тизгинге жетпейм, жерге түшө албай, түшсөм кайра мине албайм. Эптеп ээрдик кашын кармап, атты өз жайына коё бердим. Караңгы түн, эч нерсе көрүнбөйт. Ошол түнү жолдо карышкырлардын алыстан угулган үндөрү улам-улам жакындагансып турду. “Күрөң” жорго да карышкырлардын үнүнөн коркуп, биз келген жолго түшпөй, бат эле тоодон чоң жолго түштү. Бул жол менен атам экөө курортко келишчү. “Күрөң” жорго чоң жолго түшөөр менен адатынча жоргосун салып, мени жыкпай, кулагын камыштай типтик кылып, кишенеп келе жатты. Анын дүңгүрөгөн дүбүртү алыска угулуп турду. Атам күрөң жоргонун дүбүртүн, үнүн угуп, карышкырлар артынан түшкөнүн сезип мынтык менен ок атып, апам экөө боз үйдүн жанында мени күтүп турушуптур. Атамдын ачуусу келип: -“Акмак, (катуу урушкан сөзү эле) кантип аттан ооп түшүп калбай келдиң?”. Ошондо апам: -“Мен ушуну сезип, Кудайдан тилеп жаттым, баламдын аман-эсен келишин. Баламды Кудайым сактаган экен деп сүйүнгөнү эсимде.

Жыл айын 1-Май, 7-ноябрда атам экөөбүз Фрунзе шаарына майрамга келчүбүз. Биз чоңдор менен турчубуз. Атам Кыргызстандын компартиясынын (ЦК мүчөсү катары, эски аянттагы азыркы Америка университетинин мекемесинин экинчи бөлүмүндөгү балконунда туруп, эл майрамын көрчүбүз. Андан кийин биз ипподромго жөнөчүбүз. Биздин “Кеңеш” колхозунун күлүктөрүн чабышын көргөнү. Атамдын күрөң жоргосу, Сыдык атамдын тор жоргосу, Жумакмат атамдын күрөң аты дайыма биринчи орун алышып, анан алар байгелерин жууп, элге таратып беришип, өзүлөрү үйгө кур кайтышчу. Ат чабыш бүткөндө ипподромдогу биздин боз үйдөн эт, чучук, бешбармак жешип, конокторду сыйлашып, артисттер ырдашып, майрам жакшы өтчү.

Эсимде ошондо атамдын “Күрөң” жоргосу менен Чоң-Кеминдин жоргосу тең келгенде, баш байгени кеминдиктерге берип койгон. Ачакеев деген Чоң-Кемин колхозунун башкармасы атамды боз үйүнө чакырбай коёт. Атам экөөбүз үйгө келип таарынычыбызды апама айттык. Ошондо мен айткам: -“Мен чоңойгондо Күрөң жоргонун кулундарынан (балдарынан) алыска чуркап, атагы алыс угулуп, дүйнөнү дүңгүрөткөн тулпарларды таптап чыгарам деп атам, апамды сүйүнткөм.

1992-жылы жайында мен иштен чыгып, Илимдер Академиясынын алдында турган атактуу жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков аксакалды машинем менен үйүнө жеткирдим. Ал жолдо бара жатып, менин аты-жөнүмдү сурап, анан сүйүнүп, мындай деди:

-“1954-жылы мен Кыргызстандын делегаттары менен Москва шаарына жөнөп жатканда, поезд жолунун вокзалында атаң, апаңды ээрчип, ыйлап калган бала сен турбайсыңбы?

-Ошол сапарда Союздун Жогорку Кеңешинин сессиясына делегат болуп бара жаткандардын арасында: Күлүпа Кондучалова – маданият министри, Абды Сүйөркулов –

Совет министринин төрказысы, Исхак Раззаков – Компартиянын 1-чи секретары, Чуркин Василий Нестеревич – Компартиянын секретары, Казы Дыйканбаев – Фрунзе обком партиянын 1-чи секретары, Төрөбай Кулатов – Жогорку Кеңештин төрөказысы, Жаманкул Тойгонбаев – Тянь-Шань обком партиясынын 1-чи секретары, Исак Кочкорбаев – “Кеңеш” колхозунун башкармасы менен анын жубайы Ширин Кочкорбаева да бар эле.

Ошол кезде Исак Кочкорбаев Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын XIX съездин делегаты, Советтер Союзунун Жогорку Кеңешинин эл депутаты, үч жолу Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайланган.

Кыргызстандын компартиясынын мүчөсү (Член ЦК) болуп эмгеги менен элге көрүнүп, мамлекеттик киши болгон. Москва шаарында, атаң бош убакта, апамды колунан бекем кармап, жетелеп алып Кремлди, Ленин жана Сталин жаткан мавзолейди, Чоң театрды көргөзүп, биз жаткан “Грант Отель” деген мейманканага келе жатканын көрчү элек. Апаң атаңдын жакшы мамилелешкен, сырдашкан досу – жардамчысы болгон. Апаң балдарын багып, тарбиялап, атаңдын досторуна, көп конторуна дасторкону дайыма жайылып турган, элине иши менен көп жакшылык кылган үчүн Союздун Жогорку Кеңешине эл депутаты болуп шайланып, Социалисттик эмгек баатыры болду. Ошонун баарын атаң баалап, Москваны көрсөткөнү, жубайын эс алдырганы ала барганы эң туура жана бизге үлгү болгон. Бакыт деген жакшы мамилелешкен, сырдашкан досуң болуп, элиңе көп жакшылык кылсаң, ошондо бактылуу болосуң. Бактылуу бол балам, апаңа менден салам айта бар” деген.

Мекен Исак, Союздун Жогорку Кеңешине эл депутаты болуп шайланып, Социалисттик эмгек баатыры Исак Кочкорбаевдин уулу, Ысык-Ата району, Кочкорбаев а/ө, Кеңеш