терракт1

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин участкалык кызматкери тарабынан мечитте уурулук менен шугулданып жүргөн бала кармалды. Маалымат боюнча, милицияга Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну М.Кулманбек борбордук мечиттен өздүк буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Келтирилген чыгым 7000 сомду түзгөн.Атайын жүргүзүлгөн иш- аракеттерден кийин бул кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургуну Ж.Азиз кармалганын Асаба гезити жазып чыкты.

Айзада Дүйшөнбаева