такси1

Таң эртеден кол көтөрүп, жол жээктеп турган жүргүнчүлөр микроавтобустарга киргенде ыңгайсыз абалга туш болушат. Биринчиден эле тазалыгы талапка жооп бербейт. Баары деп айтуудан алыспыз. Кыш мезгилине карабай, айрымдарынын печкасы чындыгында иштебейт. Ал эми элди болушунча тыгындап, мал баскандай салышканычы. Ошентип, элдин деми менен жылып да калат. Салондогу тыгын аз келгенсип, жол тыгындарын да пайда кылышып, айрым учурда ошол абалда кырсыкка учурагандары да жок эмес. Жүргүнчүлөргө жасаган мамилеси да оңуп кеткен жери жок.

Айрыкча окуу жылынын башталышынан каникул мезгилине чейинки микроавтобустардагы жагымсыз окуялар көп кездешет. Алардын бири, “мектеп окуучулары 5 сомдон гана төлөшү керек” дешип ата-энелер чырылдап жатышат. Ал эми айдоочулар толугу менен 10 сомдон төлөө керек деп корсулдашат. Айдоочулардын ынсаптуулары  мектеп окуучуларынан жол кирени 5 сомдон гана алышууда. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы 122 токтомуна ылайык шаардык пенсионерлер жаш курагына ылайык, саат 9.00- 17.00 гө чейин 5 сом өлчөмүндө жол кире төлөө мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушкан. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан күчүнө кирген. Ал эми мектеп окуучулардын жол кире тарифи  тууралуу  көрсөтүлбөгөндүгүн  Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт башкармалыгынын юристи Динара Кошоманова билдирди. 2009-жылда жеке менчик фирмалардын айрымдары  айдоочулар менен биргеликте кеңешип, мектеп окуучулары үчүн жол кирени 5 сом өлчөмүндө алууну өздөрү ишке ашырып келишкен. Ал эми 2013-жылдын ноябрь айынан бери жол кире 7 жаштан жогоркулардан 10 сомдон төлөнүп баштады. Бул маселе боюнча шаар тургундары Шаардык кеңешке бир нече жолу кат түрүндө кайрылып келишет. Ошону менен катар шаардык мэриянын Транспорт башкармалыгы да окуучулардын   жол кире тарифин карап чыгуу боюнча Шаардык кеңешке кайрылышканынан кабардар болдук.

Учурда борборубузда маршруттук каттамдарды тейлеген 40 фирма бар. Ал эми микроавтобустардын саны 2500дөн жогору, айрым учурларда 3000ге таяп да кетет.

Бишкек шаардык транспорт каттамдарынын тейлөө кызматтарына нааразычылыктарыңыз болсо 53-36-46 телефонуна байланышып, билдирсеңиз болот. Сиздин суроо-талаптарыңыз жоопсуз калбайт. Себеби бул багытта атайын комиссия өз ишин жүргүзөт.

Айзада ДҮЙШӨНБАЕВА