“Манас” аэропортунда контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жүк алтындан жасалган зер буюмдар болгон. Ал Түркиядан алынып келе жаткан. Наркы 2 миллион сомдон ашык товарга бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: super.kg