мам
 КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, 1993-2011-жылдар аралыгында менчиктештирилген 12 кинотеатрдын сатып алуучуларынын келишимдик милдеттерин аткарышпагандыгына байланыштуу алып-сатуу келишимин бузуу боюнча доо-арызы менен соттук органдарга кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Түзүлгөн келишимдерге жана бизнес-пландарга ылайык, мамлекеттик мүлктү сатып алуучуларга оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүү, реконструкция жана максатка жараша пайдалануу сыяктуу милдеттер тагылган.

Бүгүнкү күндө Маммүлк фондунун бир нече жолку билдирмесине жана текшерүүсүнө карабастан, инвесторлор тарабынан келишимдин шарттары одоно бузулган.

Буга байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, төмөнкү объекттер боюнча доо-арызы менен соттук органдарга кайрылды:

Менчиктештирилген объекттердин аталышы Менчиктештирүүнүн күнү-жылы Дареги
1 «Мир» кинотеатрынын мүлктүк комплекси 29.12.1995-жыл Чүй обл.,Кант шаары, Ленин көчөсү №41
2 «Комсомолец» кинотеатр 16.05.2011-жыл Талас шаары, борбордук сейил бак
3 Токтогул атындагы сейл бактагы жайкы кинотеатр 14.06.2011-жыл Жалал-Абад шаары
4 «Салкын» кинотеатрынын мүлктүк комплекси 14.05.2007-жыл Бишкек шаары, 7-кичи район
5 «Строитель» кинотеатры 18.02.1998-жыл Кара-Балта шаары, Рабочая көчөсү
6 Курулушу бүтпөгөн 500 орундуу кинотеатр 02.1997-жыл Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р., Кош-Көл айылы
7 Жайкы кинотеатрдын имараты 13.03.1996-жыл Чүйобл.,Москва р., Александровка айылы
8 Бөкөнбаев атындагы кинотеатр 13.02.1993-жыл Токмок шаары
9 «Достук» кинотеатрынын имараты 06.10.1999-жыл Кызыл-Кыя шаары
10 «Западный» кинотеатры 11.10.1999-жыл Ош шаары
11 «Ударник» жайкы кинотеатры 30.08.1999-жыл Кызыл-Кыя шаары
12 «1-Май» кинотеатрынын имараты 11.03.1999-жыл Ош шаары