2013-02-08_17-57-23_847446

Бул жолу Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашевди бир күн коштодук. Анын жумуш күнү эртең мененки саат 9:00дө Өкмөт үйүнө барышы менен башталды. Анда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин кабыл алуусунда болуп, мамлекеттик башкаруу системасын оптимизациялоого байланышкан маселелер тууралуу сүйлөшүп, талкуу кылышты.

Андан соң, жумуш бөлмөсүнө кайтып, түшкө чейин орун басарлары менен иш алып барды. Орун басары Бактияржан Фаттахов Кадр кызматынын 2014-жыл ичиндеги аткарган иштери тууралуу маалымат берген соң, алар мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөө, мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүү бөлүмдөрүнүн иштери тууралуу маселелерди талкуулашты.

Белгилей кетсек, Кадр кызматы узаган жыл ичинде алгачкы жолу Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 2014-жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча Жарлыгына ылайык бекитилген программанын алкагында, башкача айтканда, мамлекеттик буйрутманын негизинде иш алып барды. Аалы Карашевдин айтымында, бул милдетти аткаруу үчүн республикалык бюджеттен максаттуу түрдө 12 миллион сомдон ашык каражат каралган. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди аттестациядан өткөрүп, алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштер өз максатына жеткендигин айтат ал.

Бул ирмемде Аалы Азимович иш үстөлүндөгү кабатталган сертификаттарды бирден алып, аларга кол кое кетти. Алар тууралуу сураганымда, ал Кадр кызматы менен Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын биргелешип даярдаган сертификаттары экенин айтты. Кошумчалай кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди аттестациядан өткөрүп, квалификациясын жогорулатуу боюнча уюштурулган тендерден республикадагы 3 жогорку окуу жайы (Президенттин алдындагы башкаруу академиясы, ОшМУ жана Бишкек Финансы техникуму) өткөн. Бул окуу жайларда жыл башынан бери 6 360 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин квалификациясын жогорулатуу керек болсо, анын 5 миңге жакыны өткөн.

“Биздин милдет квалификациясын жогорулаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге жөн гана сертификаттарды тапшырып коюу эмес, мунун маанисин көтөрүү. Аттестациядан өткөн кызматкерге колдоо болушу зарыл. Бул системаны түзгөнгө 2-3 жыл керек. Идеалында ар бир мамлекеттик же муниципалдык кызматкер ар 3 жылда бир жолу квалификациясын жогорулатып, аттестациядан өтүп турушу кажет. Анткени, мезгил агымына жараша жаңы мыйзам, токтом, жоболор кабыл алынып турат. Ар бир кызматкер өз тармагындагы жаңылыктарды билип, профессионалдуу мамлекеттик же муниципалдык кызматты түзүүгө түздөн-түз милдеттүү деп эсептейм”, – дейт А.Карашев.

Негизи, Кадр кызматында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн тарта убакыт каралган. Бирок, анткен менен Аалы мырза алыс-жакындан келген жарандарды башка күндөрү да убактысы болгон маалда кабыл алууга жетишет экен. “Айрым учурларда жарандар кабылдамага келип, жеке маселелери боюнча кабыл алуумду суранышат. Мындай учурларда убактым болсо, айрым учурларда түшкү тыныгуу маалында да аларды кабыл алып, маселесин угуп, чечип бергенге аракет кылам. Балким, алар алыскы тоолуу райондордон келишкендир. Жуманын 5-күнү келишкен болсо, кийинки 4-күнгө чейин күтүп жүрө беришеби? Ал жагын да эске алып, аларды да түшүнүүбүз керек”,- дейт ал.

Ошентип, иш күнүнүн биринчи бөлүгү аяктап, түшкү маал убактысы да болду. Түшкү тыныгуу демекчи, Аалы Карашев түшкү тамактануу үчүн бөлүнгөн бир сааттык тыныгууну сөзсүз колдоноорун айтат. Кээде маанилүү маселелер боюнча жолугушуу, жыйын же жогорудагыдай жеке маселелери менен кайрылган жарандарды кабыл алганда түшкү тамактанууга кечигип чыкканы болбосо, көбүнчө өз маалында тамактанууга аракет кылат. Баса, түшкү тамактануу маалында Аалы Азимовичтен турмуштук суроолорго жооп алып, адам катары жан дүйнөсүн ачууга үлгүрдүк.

– Аалы мырза, жаңы жылдан кийин Өкмөттүн структураларында айрым кадрдык өзгөрүүлөр болоору жана сиздин вицелердин биринин ордуна бараарыңыз тууралуу айтыла калып жатат. Чындыгы канчалык?

– Мамлекеттик кадр кызматы мага ишенип тапшырылган кызмат. Президентибиз Алмазбек Шаршенович тарабынан берилген тапшырмаларды аягына чейин чыгарып, так жана адептүү иштегенге аракет кылып жатам. Ал эми вице-премьерлик кызматка бараарым тууралуу маалыматты биринчи кезекте мен угушум керек болчу. Анткени, кимдир бирөө бир кызматка бараарда ал алдын ала кеңешүүгө чакырылат.

– Көп жылдардан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп келесиз. Иштен тажаган учурларыңыз болобу?

– Иштен эч качан тажап, чарчаган эмесмин. Мамлекеттик кызматта иштегениме 20 жылдан ашты, бул убакытта мамлекеттик кызматка анын чектелбеген иш ыргагына, жооптуу түйшүгүнө көнүп калдым. Кандай гана кызмат болбосун жан дилиң менен берилип, жоопкерчилик менен иштесең, иштегенден тажабайсың.

– Кантип эс аласыз?

– Мамлекеттик кызматта убактыңдын көбү ишке кетип, үй-бүлөгө көп көңүл бөлө албай каласың. Бош убактым болуп калганда сөзсүз үй-бүлөм менен болуп, балдарым менен баарлашып, алардын иштерине кызыгып, ой бөлүшөм. Жайкысын Ысык-Көлгө барып эс алабыз.

Жылда эс алууга чыкканда айылга, ата-энемдикине барам. Ага-туугандардын жайын сурап, айылым менен учурашып келем.

– Китеп окуйсузбу? Акыркы окуган китебиңиз кайсы?

– Дайыма китеп окуганга аракет кылам. Азыр Гумилевдун “Байыркы түрктөр” деген китебин окуп жатам.

– Жеке бизнесиңиз барбы?

– Жеке бизнесим жок.

– Күнүмдүк керектөөгө канча сом коротосуз?

– Ар кандай болушу мүмкүн. Кээде эле сырттан тамактанууга акча коротпосом, түшкү тамакты дайыма үйдөн ичем. Ошого жараша акча коротом.

– Биздин чоңдор жаңы жылды чет өлкөдө тосууну модага айлантышкан, сиз жаңы жылды кайдан тостуңуз?

– Жаңы жылды чет жерде тосуп көргөн эмесмин. Жаңы жылды дайыма үй-бүлөм менен үйдө тосом.

 

Директордун түштөн кийинки кабыл алуусунда статс-катчы Бакыт Сагымбаев жана Мамлекеттик окутуу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Алишеров болду. Чакан жыйналышта алар мамлекеттик буйрутманын аткарылышы боюнча сөз кылып, тийиштүү тапшырмаларды алышты. Андан соң, орун басары Олег Тарбинский менен Нормативдик, укук-ченемдик актылар бөлүмүнүн башчысы Ильяс Керимкуловду кабыл алды. Мында жылдын алгачкы күнүнөн, тагыраагы 1-январдан тарта баштала турган декларациялык кампания тууралуу талкуу болду. Айта кетчү нерсе, жыл сайын атайын кызматты ээлеген мамлекеттик кызматкерлер 1-мартка чейин, ал эми административдик кызматты ээлеген мамкызматкерлер 1-июнга чейин жыл ичинде тапкан кирешелери жөнүндө декларация тапшырышы керек. Бул боюнча график бекитилип, атайын буйрук берилди.

Кадр кызматынын жетекчиси Аалы Карашевдин иш убактысы кечки 18:00дө аяктайт. Бирок, күн сайын эле сааттын жебеси 18:00дү көрсөткөндө иш жыйынтыкталып калбайт. Анткени, мекемеге күн сайын почта аркылуу кат-кабар, кайрылуу, тапшырмалар келет. Аларды кийинки күнгө калтырбай, күн сайын карап, таанышууну адатка айланткан. Ошентип, кээде жумуш убактысы кечки 20-21ге чейин уланып кетет.

Ал эми жуманын ишемби күндөрү дээрлик бардык мамлекеттик ишканаларда дем алыш күнү болгонуна карабай, бул күнү Аалы Карашев такай иштейт. “Мамлекеттик кызматта иштегениме 20 жылдай убакыт болду. Башта айткандай, бул убакыт аралыгында чектелбеген жумуш күнүнө көнүп калыптырмын. Ошондуктан, ишемби күндөрү жумушка келип, 1-2 саат же түшкө чейин иштеп кетмейинче жаным жай албайт”, – дейт ал.

 Динар Турдугулова