максутов

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 30-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутовду кабыл алды.

“Маданий тармакта жакшы менеджмент керек болуп турат. Меценаттарды, жеке инвестицияларды тартуу боюнча чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларын үйрөнүү зарыл”,-деп айтты Ж.Оторбаев.

“Өлкөнүн маданий тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча Сизден чечкиндүү, реформалык аракеттерди күтөбүз”,-деп кошумчалады Өкмөт башчы бул жолугушууда.