ал

Жеке ишкер Райкан Алкановдун денесине бир нече ирет сайылган бычактан жаракат алышы бул ишке шектүү катары кармалган кыздарды зордуктоо аракетинен кийин болгон деген маалыматтар чындыкка туура келбейт.

Айрым ЖМКлар жарыялаган бул сыяктуу маалыматтар жалган билдирүү, деди ишкердин жактоочусу Юрий Скатневский бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарындагы маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Анын айтымында, ИИМдин расмий билдирүүсүндө бул иш кол салуу менен адам өлтүрүүгө болгон аракет. «Бул ишти кайсы маалыматтын негизинде зордуктоого болгон аракет катары маалымдап жатышат билбейм», – деген жактоочу 79 жаштагы Р.Алканов мындай аракет менен физикалык күч колдоно албасын белгиледи.

Буга чейин ИИМ маалымдагандай, бул ишке шектүү катары өспүрүм кыз кармалган. Маалымат жыйында жактоочу билдиргендей, шектүү катары дагы эки кыз кармалды.

Учурда жабырлануучу Чүй облустук ооруканасына которулду. Шектүүлөр Талас шаарында камакта.

Иликтөө иштери улантылып жатат, ал эми Р.Алкановдун абалы көрсөтмө алууга жол бербейт, деп коушчалады жактоочу.

Ал эми, Р.Алканов учурда өзүнө келгенби деген суроого жактоочу так жооп берген жок.

Булак: Баракелде