лыжа1

Жыл өткөн сайын атуулдарыбыз спорттун кышкы түрүнө көбүрөөк кызыга башташты. Учурда лыжа тебүү базаларында каалоочулар арбын. Алардын бир тобу лыжа тебүүнү мыктылап үйрөнүүгө келишсе, экинчилери, үй-бүлөлөрү менен таза абадан дем алып, эс алууга келишет. Туризм департаментинин маалыматына караганда, өлкөнүн аймагында 17 лыжа тебүү базасы бар. Алардын ичинен “Каракол” лыжа базасы эң чоң базалардан. Бул базанын инфраструктуралык сапаты жана лыжа тебүүгө ыңгайлуу жер аянтынын узундугу Орто Азияда гана эмес, дүйнөдөгү эң мыкты – 10 базанын катарына кирет.

Тоо ылдый зуулдата лыжа тебүүчүлөрдү тоого көтөрүп чыгуу кызматы күнүнө – 300-900 сом, бир адам үчүн ижарага лыжа алсаңыз ал – 200 -1000 сомго, эгерде чана тээп эс алгыңыз келсе – 50-100 сомго чейин төлөйсүз. Жаңы келгендерге тажрыйбалуу инструкторлор жардамга келишет. Алар окуучуларына лыжа тебүүнүн техникасын, жолдордун эрежелерин үйрөтүшөт. Алардын кызматы саатына 500-1000 сомго чейин. Ал эми лыжа тебүүнү жакшылап өздөштүрө электер, же аны анчейин каалабаган эс алуучулар чана тээп, эс алуулары үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Бактыбек ИМАМАДИЕВ