Өлкө соода потенциалын ЕАЭСте улантат
Буга чейин бул ири уюмдардын эң ириде өлкөнүн экономикасына таасири зор болоору көп жолу айтылып, ал тургай бир катар атамекендик эксперттер тарабынан да тастыкталган. Ошого карабай, альянска киргенден кийин азык-түлүккө карата баа жогорулайт деген кооптонуулар дале жок эмес. Бирок, Кыргызстандын рыноктор ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев мындай кооптонууларга негиз жок экенин билдирди баш калаада өткөн “Бажы биримдигинин шартында бизнести адаптациялоо” аттуу ачык дискуссияда. Анда өлкөнү биримдикке кирүү аркасында кандай жеңилдиктер жана кыйынчылыктар күтүп тургандыгы жөнүндө кеңири талкуу болду. Кытайдан жана башка Азия өлкөлөрүнөн келген реэкспорт сакталаары же сакталбасы туурасында да маселе козголду. Экономика министринин орун басары Данил Ибраев “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларындагы реэкспорттун үлүшү буга чейин 75%ды түзүп келгенин, ал эми бул товардын баары Бажы биримдигинин курамындагы өлкөлөргө жөнөтүлүп турганын айтты.
Бир катар экономика тармагындагы эксперттер Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин, Кытай менен Кыргызстандын мамилеси күчтөнөөрүн белгилеген ойлорун айтып чыгышты. Эксперт Бакыт Бакетаевдин айтымында, Кыргызстан евразиялык мейкиндиктин бир бөлүгү болуп калат да, беш мамлекеттин рыногуна чыгыш үчүн Кытайга биздин мамлекет кызыкчылык жаратат. Бажы биримдигине киргенден кийин Кытайдын Кыргызстанга карата геосаясий, экономикалык кызыкчылыгы күчөйт, ошол эле учурда Кыргызстан аркылуу өткөн Кытайдын реэкспорту бир аз гана төмөндөп, ал эми инвестиция салуу көбөйөөрүн белгилейт ал.
Албетте, дүйнөлүк экономиканы глобалдаштыруу шарттарында бир да өлкө өзүнчө жашап, дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү боло албайт. Ошондуктан, Кыргызстан дайыма интеграциялык бирикмелердин жана биринчи кезекте экономика чөйрөсүндөгү бирикмелердин принциптүү тарапкери боло берерин билдирген өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин: “Алгач, бир аз оор болоору, товарларга баалардын өсүшү шексиз. Бирок, келечекте кошулуу өлкөбүздүн экономикасына оң натыйжа берет. Ири инвестициялардын келиши, ЕАЭСке кирген өлкөлөрдүн рыногунун ачылышы биздин айыл чарба продукцияларыбызды экспорттоого мүмкүндүк берет. Жеңил өнөр-жай тармагыбыз да зор мүмкүнчүлүктөргө кабылат”, – деп айтканы бар.
Динар Турдугулова
Комментарий кошуу