санарип1

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүлөргө өтүү боюнча 2014-жылга карата пландалган иш-чараларды аткарып бүткөндүгүн массалык маалымат каражаттарына билдирди.

Министрлик тарабынан телеканалдардын Социалдык пакети түзүлгөн. Социалдык пакет өзүнө 8 каналды камтып, алардын 7өө республикалык болсо (КТРК, Баластан, Маданият, ЭлТР, 5-канал, Пирамида жана Мир), ал эми сегизинчи канал региондо көрсөтүлүп жаткан телекомпанияны камтыйт.

Кыргызстандын санариптик берүүгө өтүү боюнча Программаны жүзөгө ашырууда Маданият, маалымат жана Туризм министрлиги калкка массалык маалымат каражаттары аркылуу санариптик телеберүүгө кантип өтүү керектиги тууралуу маалымат берип турат. Санариптик телеберүүгө өтүү кандай өзгөрүүлөр менен коштолоору туурасында айтып туруу үчүн видео роликтер даярдалган.

Айнура ШАЙКЕЕВА