1180343

Финляндия өлкөсүндө коррупция деген такыр жок болгондуктан ар тараптан өнүгүп-өсүп баратканын айта кетүүбүз абзел. Натыйжада эли да коомдук пайдалуу иш менен алектенип, социалдык жактан камсыз болуунун жогорку деңгээлине жетишип олтурат. Муну жеке жана юридикалык жактардан алынуучу салыктарды жана жыйымдарды толук кандуу чогултуу үчүн аларды реалдуу чекте коюу жана өз убагында казынага түшүрүү аркылуу экономиканын ыргактуу өнүгүүсү шарттап турат. Минималдуу кирешеден 8% жана кирешелүүлүк деңгээлине жараша 40 % жана андан жогору салык ченеми коюлуп, ойдон чыгарылган негизсиз жеңилдиктерге жол берилбейт. Ошондуктан казына толуп, жашоо турмуш да өтө жогорку деңгээлге жетип, эли да эмгекчил болуп, мыйзамдуулукка жана тартипти сактоого өзгөчө көңүл бурулуп, коррупциянын тамырлашына катуу бөгөт коюлуп келет. Аларда 1-11-класстын окуучуларына жана педагогикалык коллективге берилүүчү түшкү тамак мамлекеттин эсебинен каржыланат. Бул өсүп келе жаткан муундарды тең укуктуулукка тарбиялоодо, социалдык теңчилдикти камсыз кылууда зор роль ойнойт.

А бизде салык жана бажы кызматтарынын зор армиясы тийиштүү салыктарды, бажы төлөмдөрүн толук бойдон чогултуу жаатында көптөгөн көйгөйгө тушугуп келишет. Ошондон улам казынабыз толбой, бюджетте каралгандарды толук жана жетиштүү каржылай албай келебиз. Мындай жагдай коррупциялык көрүнүштөргө да жол ачып жатканын танууга болбойт. Бул багытта Каржы министрлиги бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылуусу боюнча салыштырмалуу талдоолорду жасоосу, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнүн булактарын издеп табуусу абзел.

Казынага акча түшүрүүнүн көп жолдору жана булактары бар экендигин эстен чыгарбашыбыз керек. Демек бул жаатта ички резервдерди издеп табышыбыз, Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүдө кандай кыйынчылыктарга кабылаарыбызды ачык айтуубуз, ар кандай экономикалык жагдайларга даяр туруубуз керек. Айтор, эл аралык каржы жана донор өлкөлөр менен кызматташууну уланта берүү менен алардын алдында өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды коргой билип, бардык жерде коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүп, элибиздин байгер жашоосун камсыз кылууга жетишүү ар бир мамлекеттик бийлик органдарынын негизги милдети болуп саналат.

Аскарбек Асаналиев