OLYMPUS DIGITAL CAMERA

 Москвада пролетариаттын жол башчысы Владимир Ильич Лениндин мавзолейи кечээ, 16-февралдан тарта эки айга жабылды.

Мавзолей эки жылда бир ирет профилактикалык максатта жабылып келет. Бул жолу да Бүткүл орусиялык дарылык жана жыпар жыттуу өсүмдүктөр институтунун адистери В.И.Лениндин денеси менен биохимиялык иштерди жүргүзүшөт. Медициналык илимдин заманбап жетишкендиктеринин натыйжасында, жол башчынын 1924-жылы бальзамдалган денеси белгисиз узак мөөнөткө чейин сактала берет. Ал эми костюму бир нече жылда бир алмаштырылып турат.

 А.Султанбеков