свет радуги

Окумуштуулар бардык нерсенин оң жана терс энергиялары бар деп келишет. Биз сөз кылуучу түстөрдүн дагы энергиясы бар жана ал энергиялар адамдын ички туюму, адамдык сапатына жана турмуштагы жолдорубузга кайсы бир деңгээлде тиешеси бар делинип келет. Окурман төмөндөгү кызык сиз үчүн…

Ак түс- аруулукту жана тазалыкты жан дүйнөсү менен өткөргөн деген түшүнүктү берет. Ак  нерсе жылмаюну дагы чакырат. Ак түс бардык жерден сулуулукту издейт жана сулуулукту, кооздукту, назиктикти талап кылат.

Кызыл түс – тайманбастыкты, күчтүүлүктү туюндурат. Иш бөлмөсүнөбү же эс алуу бөлмөсүнө бул түстөгү буюмдарды колдонбой эле койгонуңуз дурус. Себеби,  нерв системасын кыймылга келтирип, тынч эс алууга эч мүмкүнчүлүк бербейт. Бирок, кызыл түстү жактыргандар өзүмчүл жана жетекчиге мен гана көрүнсөм деген ойду карманган адамдар.

Саргылт (оранжевый) – түс бакыттын түсү, а кызгылтым оранжевый түс жашоонун түсү. Бул түс ачык маанай  тартуулай алат. Бейпилчиликтин жана берекенин символу катары белгиленет. Бирок, бул өңдөгү кийим менен олуттуу бир фирманын офисине баш баксаңыз сизди түшүнбөй калуулары  толук мүмкүн.

 Сары түстү – фэн-шуйда акылмандыктын жана кадыр-барктын түсү дешет. Бул түс акылдын тазалыгына курчап турган дүйнөнү кең масштабда  таанууга, оптимизмге чакырат.

Жашыл түс – сүйүү, гармония, жаңылануунун  символу. Жакшы бир нерсе менен алектенүү учурунда,  же көңүлгө жакын адамдар менен сүйлөшүү учурунда, жолугушууга бараарда жашыл түстөгү кийим кийүү жаңылбоого чакырат. Эс алуу бөлмөңүздү дагы жашыл түстө жасалгалап алсаңыз болот.

Көк түс – билимди, ден соолукту, кандайдыр бир чечимди кабыл алууну шарттайт. Ишке, так болууга, ойлоп табуучулукка үндөйт. Айрыкча жандуу, тентек балдарга көк түстөгү кийим кийгизип койсо алар өздөрүн токтоо кармап, жакшы да окуй башташат. “Муздак” көк түс менен уктоочу бөлмөнү жасалгаласа жакшы. Бул өңдү сүйгөн адамдар адилеттүлүктүү талап кылган адамдар. Кемчилиги, бардык адамдарды өзүндөй көрүп, көп жапа чегип калышат.

Кызгылт-көк (фиолетовый) – түс сулуулукту, чыгармачылыкты, ак көңүлдүктү кармангандар. Ишенимге кичине тайкы болушат. Мындайлардан сактануу керек.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА