бала12

Кызыл-Кыя шаарында  балдарга карата жасалган орой мамиле жана зордук- зомбулуктун  алдын алуу боюнча чукул чаралар жасалууда. Бул маселе боюнча шаар мэри Абиш Халмурзаев башында турган штаб түзүлгөн. Штабдын иш-планы да түзүлүп, атайын иш-чаралар кабыл алынган. Штабдын кезектеги жыйналышында балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоо  бөлүмүнүн жетекчиси Шарабидин Токуров чыгып сөз сүйлөдү.

Ал чогулгандарды, өзгөчө үй жана квартал комитеттеринин башчыларын, алардын аймагында жашаган аз камсыз, көп балалуу, толук эмес үй-бүлөлөрдү, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштегендердин каттоосунда турган үй-бүлөлөрдү көзөмөлгө алуу менен байкоого алуусу айтылды.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу