взятка

Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргызстандын жарандыгы тууралуу паспорттордун мыйзамсыз берилиши боюнча кылмыш иши козголду. Паспорттук визалык жана каттоо бөлүмүнө жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгында белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын жарандыгы  тууралуу паспорт Өзбекстандын 4 жаранына мыйзамсыз берилген. Ал 2009-жылдын сентябрь айында ишке ашырылган.

Мына ошол Кыргызстандын паспортун алган жарандардын бири 2014-жылдын 27-декабрында Ош шаарындагы аэропортто ишкерлерге куралдуу кол салууга катышкан. Ошондой эле, Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алгандардын бири И.Д. ал паспортун КРИММдин милиция мектебине тапшыруу үчүн колдонгон.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу