1CAdEKY0g98

КР Өкмөтүнүн Баткен облусунун өкүлчүлүгүндө кызамыктын алдын алуу боюнча чукул чакырылган жыйын болуп өттү. Бул жыйынды өкүлдүн орун басары Сейитбек Абдрахманов алып барды.

Чукул чакырылган жыйынга облустун бардык район шаарларынан дарыгерлер катышты. Негизги маселе Лейлек районунун айылынан тараган кызамыктын алдын алуу болду. Облустун башкы дарыгери Сайпидин Төрөевдин маалыматтарына таянсак, учурда Лейлек районунда 80ден ашык кызамык менен ооругандар катталган. Аба аркылуу жугуучу коркунучтуу кызамык оорусу аталган райондун Дархум айылына Өмүрбек аттуу өспүрүм баладан тараган. 27-декабрь күнү каникулга келген бул өспүрүм достору менен айылдагы мектептеги жаңы жыл кечесине барат, ал жерден дене-башы ысып, катуу ооруп үйүнө кетет. Ошентип айылдагылар менен байланышта болгон өспүрүм дарыгерге кайрылат. Дарыгер аны кызамык оорусу менен ооруганын айтып, дарыланууга жаткырат.

            Бул кызамык оорусунун башталышы эле. Дароо аба аркылуу башкаларга жуга баштаган Дархум айылында кызамыкты жуктуруп алгандардын саны 57ге жетти. Жугуштуу оору андан ары Маргун, Ак-Арык, Арка, Кулунду, Жаштык, Интернационал, Достук айылдарына чейин жетти. Дароо райондо штаб түзүлүп, оорунун алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери башталды. Ооруканаларда кызамыкты жуктуруп алгандар үчүн атайын койкалар даярдалып, айыл кыштактарда ар бир үйгө кирип, кызамык жөнүндөгү маалыматтарды элге кеңири тарата баштады.

Кызамык коркунучтуу дарт. Өтө жугуштуу болгондуктан жөтөлгөндө, чүчкүргөндө башкаларга тарайт. Көпчүлүк учурда 5 жашка чейинки эмделбеген балдар жуктуруп алат. Бул чоңдорго да жугат. Кызамыктан көпчүлүк учурда кабылдоолор болот, айрыкча балдар арасында, мисалы ич өткөк, өпкөнүн кагыны, энцефалит (мээнин чел кабыгынын сезгенүүсү), көздүн көрүүсүнүн начарлашы айрыкча наристелерде кездешет. Ар жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 850 000 бала кызамыктын кабылдоосунан набыт болот. Кызамыктан алдын ала эмдетүү аркылуу сактанууга болот. Бардык эле балдар 12 айлыгында анан 6 жашында  эмдөөдөн өтүшөт. Тилекке  каршы, айрым ата-энелер динди тутунуп, балдарын эмдөөдөн баш тартышат. Андан да өкүнүчтүүсү, айылдагы дарыгерлердин кайдыгерлигинен улам, балдар эмделбей калган фактылар чыккан. Дал ошол жугуштуу оорунун очогуна айланган Дархум айылында 40 бала кызамыкка каршы эмдөөдөн өтпөгөндүгү такталган. Чукул чакырылган бул жыйында КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Сейитбек Абдрахманов бул факты боюнча күнөөлүүлөрдү жазалоону тийиштүү  жетекчилерге тапшырды. Ушундай эле факты Катраң айылында да катталып, учурда 8 жаран кызамык менен жабырланууда. Акыркы маалыматтарга таянсак, Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында да кызамык менен ооруган өспүрүм Кадамжай ооруканасында дарыланууда.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу