кытайкыргыз1Кытайдагы кыргыздардын саны дээрлик расмий маалымат боюнча 145 миңге жетет.  Көпчүлүгү Сиьцзян Уйгур автономдук районунун Кызыл Суу Кыргыз автономдук өлкөмүндө жашашат. Кай бири Хэйлунцзян провинциясынын Фуюй уездинде чачыранды өмүр сүрүшөт. Кыргыздарды кытайда дагы түндүк-түштүккө бөлүп караса болот. Түштүктүктөр кыргыз жана уйгур тилдеринде, ал эми түндүктүктөр кыргыз, кытай жана монгол тилдеринде сүйлөй алышат.  Жазууда араб графикасын баштапкы катары колдонушат. 95% кыргыздар ислам динин тутушат, ал эми калгандары лама жана шаман ишенимдеринде. Кыргыздардын Кытайда жашап калышына көптөгөн шарттар дуушар кылган. Алардын ичинде, Таластагы Араб-Кытай согушу, Монголдор менен 1200-жалдардагы айкалышуу, Орусиянын 1917-жылкы империалисттик иш-аракети себеп болгон.

Даярдаган Айнура Шайкеева