чатыркөл1

Кыргызстанда эң эле кызыктуу, табышмактуу, сырдуу, таң калычтуу жаратылышка ээ болгон жерлер да көп.

• КРдеги эң кызык жер Баткенде. Мындагы Кыштут деген жерде кышында бир ай, жайында бир ай күн тийбейт.

• Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынан 6 км аралыкта Алтын ­Арашан деген кичинекей көлмө бар. Анын айланасында кышында да ар түрдүү гүл өсүп турат.

• Кан-­Теңир тоо тоомунун батыш капталында, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этегинде Кептештин көлү (бул илимде Мерцбахер көлү делет) деп аталган бийик тоо көлү бар. Узундугу 2-3 км, туурасы 1,1 км, аянты 4 км2 , тереңдиги 60-70 м. Деңиз деңгээлинен 3304 м бийиктикте. Байламтасы мөңгү менен тосулуп, андан омкорулган муз сыныктары көл үстүндө калкып жүрөт. Эңкейиш жагы жайдын акыры-күздүн башталышында жырылып, суусу Эңилчек дарыясына куюлат. Көлдө чөөттөр гана калат. Бул учурда дарыя ташкындап, ал 7-10 күнгө созулат. Бул күндөрү дарыянын өлчөмү 700 м/секундага жетет. Сууга толбогон жылдары көл жырылбай калган учурлар да болот.

• Ысык-Көлдөгү Жыргалаң шахтасынын аймагы республикада эң нымдуу жер. Мында жаан­-чачындын орточо көп жылдык өлчөмү 850-900 мм.

• Кыргызстандагы эң катуу шамал — Боом капчыгайынан чыгып, Балыкчыдан 30-40 км чыгышка чейин жетүүчү Улан шамалы. Өтө катуу соккондо 40 м/секундадан ашат. Ал эми Санташ ашуусунан башталып, көлдүн чыгыш акваториясына чейин жетүүчү (Уланга карама­-каршы чыгыштан батышты карай) Санташ шамалы өтө катуу соккондо 30-35 м/секундага чейин жетет.

• Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында Аракөл деген чөйчөктөй көл бар. Узуну 1,5, туурасы 1 км. Суусунун көлөмү 3 млн м3. Бул көл космостон спутниктин изилдөө микросхемасына тартылып калган. Ал схемага айрым маанилүү жерлер, кендер, көлдөр гана тартылуу күчү менен түшүп калат экен. Мындай схемага Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көлдөр да түшкөн эмес. Көлдүн үстүндө 4-5 үйдүн ордундай саз болуп, ал шамалдын ыгына карата жылып жүрөт. Ал саздын үстүнө отуруп алып, балык кармагандар да болот. 1980­-жылдардын орто ченинде Дүйнөлүк суу жана суу ресурстарын изилдөө институтунун кызматкерлери атайын Москвадан келип, космостон кандайча микросхемага тартылып калганын изилдеп кетишкен.

• Кыргызстанда кышкысын да кар жатпаган эң шамалдуу жер Кочкор району. Кочкорду өрдөп баргандагы Кызарт, өөдөлөгөндөгү Каракол, бет маңдайындагы Сөөк өрөөндөрүнөн соккон шамал Кочкорго кашык кар калтырбай сапырып кетет. Ошондон бул жер “кар жатпас кара Кочкор” аталып келет.

• Таластын Көк-Сай айылынан Манас тоосун карай 2-3 км жерде, жолдун боюнда алачыктай чоң таш жатат. Жергиликтүү эл муну «Ажыдаар таш» деп аташат. Үстү оюк. Оюктун көлөмү 50-60 метрлик чоң казандай. Ичине кар, жамгыр суусу түшүп, жыл мезгилине жараша суу өңүн өзгөртүп турат. Ушул суу менен жуунса тери оорулары (котур, чакалай, аллергия, диатез, сөөл, жара) сен көр, мен көр айыгат дешет.

• 1970-­жылдарда Кадам-Жай районундагы Хайдаркан айылына жакын жерден табылган минерал Хайдарканит деп аталган. Бул заттын өңү кызгылт. Курамында титан, күмүш, сурьма, жез ж.б. заттар бар. Химиктердин айтымында мындай минерал башка эч бир жерден кездешпейт.

• Геология-минералогия илимдеринин кандидаты Делвес Жээнчороев Нарын облусунун аймагынан жаңы минерал тапкан. Ага Акаевин деген ат коюлган. Ал минералдардын кобальт монтморилонит тобуна кирет. Көк түстөгү ири минерал. Д.Жээнчороев алгачкы аскер кызматкерлеринин бири Жамангул Жээнчороевдин уулу.

• Аксынын Кечүү деген айылынын тоосунда жайгашкан Кой-Таш кенинде “упа таш” деген таштар бар. Башка жерде кездешпейт. Фарфор буюм жасоого пайдаланылат.

Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА