айсулуу1
 Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык турнирде Иван Ярыгиндин Гран-приси сериясында күмүш медалга ээ болду.

Орусиянын Спорттук күрөш федерациясынын расмий сайтында маалым болгондой, А.Тыныбекова 58 кг салмактык категориясында чыкты. Алтын медалга болгон таймашта кыргызстандык спортчу Монголиянын спортчусу Шоовлор Баатжавдан жеңилип калды.

Ал эми, аталган салмак категориясында коло медаль Мишель Фаззариге (Канада) буйруду.