Ветераны

Бул иш-чаралар КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы (ПАА) менен бирдикте Бишкек шаарында өткөрүлөт. Ага КМШга мүчө мамлекеттердин парламентчилери катышат.

Бүгүн, 5-мартта жогоруда аталган акцияларды өткөрүүгө даярдыктар боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны болду. Төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров болгон уюштуруу комитетинин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Өкмөтү менен Бишкек шаарынын мэриясынын мүчөлөрү, КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары – КМШ ПААдагы Жогорку Кеңештин туруктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев жана КР Согуштун жана ооруктун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунун төрагасы Тарас Токомбаев кирген.

Жогорку Кеңеш депутаты Бахтияр Кадыров бул иш-чара баатырлардын элесине урмат гана болбостон, жаштарды атуулдукка тарбиялоонун каражаты болуп саналат. “Биз ардагерлерибизге майрамдык маанай түзүп берүүгө аракеттенишибиз керек”,- дейт ал.

Депутат Курмантай Абдиев Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо маселесин дыкат талкуулап чыккандыгын, анда көптөгөн сунуш-пикирлер берилгендигин эске салды. “Биз көчөт отургузууну сунуштап жатабыз, бул ишти салтка айлантуубуз кажет. Муну менен биз шаарды жашылдандырууга дагы салым кошобуз. Бакчалар биздин кийинки муундарга калат”,- дейт ал. Мындан сырткары, К.Абдиев парламент Улуу Ата Мекендик согуштун ардегерлерине кам көрүүнү колго алып, алардын социалдык-экономикалык зарылчылыктарынын бир бөлүгүн камсыздашы тууралуу пикирин билдирди.

Өз кезегинде КР Согуштун жана ооруктун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдардын ардагерлер уюмунун төрагасы Тарас Токомбаев мындай иш-чараларга жаштардын жигердүү катышуусун, иш-чараларды өз деңгээлинде өткөрүүгө Жогорку Кеңеш депутаттарынын аракеттерин кубаттады. “Бул эң башкысы, анткени дал ушул жаштар жеңиштин мураскерлери болуп саналат. Мен аталган акциялар баардык майрамдардын башы болуп, жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өтө турганына ишенем”,- деп баса белгиледи Т.Токомбаев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.