555

 КРнын Президенти А.Атамбаевге                                                                      

КР Жогорку Кенешинин төрагасына, фракция депутаттарына   

Кыргызстандын элине

Коомдук уюмдарга

Маалымат каражаттарына

Кайрылуу

   Нарын шаарынын тургуну Бакыт Асакеев узак жыл укук коргоо органдарында эмгектенип, анын ичинде учурунда Нарын облустук каржы полициясын да жетектеген. Азыркы тапта өзүнүн жеке ишкердигин жүргүзүп келет. Ал Кыргызстанда кантип коррупцияны жоюп, экономиканы көтөрүүгө, элдин жашоосун женилдетүүгө болот? -деген түпөйүл соболго өз пикирин билдирип, бийликке, жумурай журтка кайрылат.

Бакыт мырзанын баамында адеп шайлоо жараянын өзгөртүү зарыл

-Конституция боюнча бийликтин ээси эл. Бирок эл өзүнүн бийлигине кантип келээрди, элдик бийликти кантип ишке ашыраарды билбей келе жатат. Анын бир жолу биринчи баскычта ар бир айылда, шаардагы чөлкөмдөрдө эл өздөрүнүн төрт өкүлүн гендердик теңчиликте жаш курагына жараша тандоосу керек. Демек ар бир айылдан, чөлкөмдөн баардыгы 4 эле адам элдик чогулушта (уруучулукка карабай) тандалып, райондук жана шаардык чогулушка катышууга өкүл болот. Аларды райондун жана шаардын жалпы эли шайлашат.

Ошондо республика боюнча 70тей депутат район, шаарлардан улутуна карабай эч чыры, коррупциясы жок тандалат. Ал адам сөзсүз ошол район же шаарда туруктуу жашоосу керек. Бул чыныгы элдик тандоодон өткөн депутат элге көз каранды болуп баш ийгендиктен ай сайын элдин алдында отчет берип турат. Таза иштебесе эл чогулуш кылып, чакырып алат. 120 депутаттык орундун калганы 50 орун, партияларга жетет. Демек, элдик ачык чогулуш, бул ар бир кичине аймактын парламенти. Анын тандаган өкүлүнүн Жогорку Кенеште болуусу – чыныгы парламенттик башкаруу болот. Мындай депутат эч кимден коркпой, элдин атынан таза иштейт, анын тагдырын партия эмес бир кана ошол шайлоочулар чечет.  Ошондо коррупциялык иштер жабылбайт, демек, коррупция кескин кыскарат. Ар кандай акча жеген схемалар тез жоюлат, мамлекеттин акчасы уурдалбайт. Экономика өсүп, карапайым элдин жашоосу онолот.

Себеби биздин ата-бабалар маселелерди ар бир жерде (айылда, өрөөндөрдө), ал эми өтө чоң маанилүү маселелерди ар кай жердин өкүлдөрү менен чогулуп (райондо, борбордо) ачык чечип келишкен.

Б.Асакеев мырза партиялык системанын зыяны деп төмөнкүдөй ойлорун келтирет

Партиядагылардын көбү өз бизнесин эле ойлогондор. Ошондуктан мыйзамдар иштебейт. Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзам боюнча мамлекеттик кызматтагыларга өзү эле эмес, үй-бүлөсүнө, тууганына бизнес кылууга тыюу салынган. Бизде 90 пайызы бизнесмен го. Анан кантип коррупция жоюлмак эле? Баарынан өкүнүчтүүсү партиялардын менчик министрлери. Демек бүтүндөй министерстволору, мэрлери, акимдери, айыл өкмөттөрү партиялык менчикте болууда.

Бакыт мырза жүк ташуудагы коррупцияны жоюга мындай пикирин айтат

-Жаңы курулган жолдорду талкалап жаткан жүктөрдү атайын 42 тоннадан ашса, чөгүп кетчү пружиналарды орнотуу зарыл. Ошондо оор жүк жүктөгөн машина ылдый чөгүп, тешиктерден чыккан шиштерге дөңгөлөктөрү өзүнөн өзү жарылат. Аны эч ким компьютер менен же астына кире калып ондой албайт. Бажыдагы ашык жүк коррупциясы бир заматта жоголот.

Б.Асакеевдин ой-пкирлерин кагазга түшүргөн К.Усуптегин, Нарын шаары