0867095316

Кыргызстанга Россиянын “Роснефть” компаниясынын келиши менен зор перспективалар ачылып жатат. Алардын планы боюнча жакынкы жылдары өлкөбүздөгү жанар май чыккан жерлер кенен изилденмекчи. Ошого жараша кара май чыккан жерлер көбөйүп, бензиндин арзандашына шарт түзүлмөкчү. Бирок, азырынча бул багыттагы баалар Россия менен Казакстандан келүүчү бензиндин баасына байланыштуу бойдон кала берет. Анткен менен Кыргызстандагы күйүүчү майлардын баасы жакынкы коңшуларыбыз Тажикстан, Өзбекстанга караганда арзан экенин турмуш өзү көрсөтүп жатат. Маселен, 25-ноябрга карата алынган маалыматтарды карап көрөлү.

Анализди ар ким өзү жүргүзсүн

Ушул күнү Аи-80 маркасындагы бензиндин 1 литрлик баасы Кыргызстанда 41 сом 90 тыйын болсо, бул баа Өзбекстанда 65 сом, ал эми Тажикстанда 66 сом 65 тыйын болгон. Ошол эле кезде Аи-92 маркасындагы бензиндин литри биздин өлкөдө 49 сом 90 тыйын турса, коңшу Тажикстанда 71 сом 17 тыйын, Өзбекстанда ал баа 85 сомго чыккан. Соляркага болгон баалар деле ушундай тартипте кайталанган. Мисалы, дизелдик майдын литри Кыргызстанда 43 сом 50 тыйын болсо, ушул эле күнү ал Тажикстанда 67 сом 78 тыйын, Өзбекстанда 70 сом болгон. Демек, Кудайга шүгүр дешибиз керек экен.

Эми күйүүчү майларды бизге экспорттогон өлкөлөрдө абал кандай экенине токтололу. 25-ноябрда Аи-80 маркасындагы бензиндин литри Казакстанда 28 сом 33 тыйын турса, Россияда 39 сом 82 тыйынга сатылган (аталган өлкөлөрдүн акчалары ошол күнкү доллардын курсу менен сомго айландырылып, берилип жатканын эскерте кетели). Бензиндин Аи-92 маркасынын литри ошол күнү биздин акчанын куну менен алганда Казакстанда 40 сом 74 тыйын, Россияда 41 сом 65 тыйын болгон. Ал эми дизелдик күйүүчү майдын литри Казакстанда 36 сом 60 тыйын болсо, Россияда 44 сом 9 тыйынга сатылган. Кыргызстан Бажы союзуна киргенде бензиндин баасы бир аз арзандашы мүмкүн деген эксперттердин пикирлерин эске алсак, анда бензиндин баалары жогорудагы эки өлкөлөрдүн бааларына жакындап эле барып калышы мүмкүн. Мында бензинге баанын арзандашы менен товарлардын, продукциялардын да баалары арзандай турганын эске алалы.

Келечек көптү үмүттөндүрөт

Негизи, Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү менен күйүүчү майлардын көп келүүсүнө байланыштуу баалар түшүшү мүмкүн деген ойлор туура чыкса, анда бизден алар Тажикстанга, Афганистанга дагы көбүрөөк экспорттолушу мүмкүн. Мындан да пайда табууга болот. Ошону менен бирге эле “Роснефть” жанар май чыга турган жерлерди көбүрөөк таап ишке киргизишсе, анда өзүбүздү 50 пайызга жакын камтый башташыбыз мүмкүн экен. Бул айрым эксперттердин пикири. Кыскасы, Бажы союзуна кирүү менен чоң мүмкүнчүлүктөр ачылганы жатат. Мындан сырткары, Казакстан жана Россия, Беларусь республикалары менен мурда үзүлгөн байланыштарыбыз жанданып, токтоп калган завод-фабрикаларыбыз иштей баштаары көрүнүп эле турат. Демек, муну менен экономикабыз да жандана баштайт. Жаңы жумуш орундар түзүлмөкчү. Ошондуктан, Бажы союзу менен коркуткандарга таң калуудан башка арга жок. Албетте, кыйынчылыктар болбой койбойт. Аны жашырган жерибиз деле калбады. Азыр бардыгы ачык-айкын жүрүп жатат.

Декабрда баалар кандай болот?

Айтмакчы, ноябрь айынын аягына чейин күйүүчү майларга баалар туруктуу сакталат экен. Бул тууралуу КРнын нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди. Анын айтымында, декабрда бензинге болгон баалар кандай боло турганы бир жумадан кийин билинет. Бирок, күйүүчү майларга болгон баалар ушундай эле боло турганын билдирип, ал турсун бир аз арзандашы да мүмкүн экендигин айтты. Анткени, кыштын күнү бир топ мекендештерибиз жеңил автоунааларын убактылуу токтотуп коюшаары белгилүү. Бүгүнкү макалабызды ушундай жакшы маанайда жыйынтыктай туралы. Калганын мезгил көрсөтөт эмеспи.

Азизбек ЧАМАШЕВ