Кыргызстанда абакта отурган аялдардын 33 пайызы күйөөлөрүнүн туугандарын өлтүрүү боюнча камалган. Бул тууралуу маалымат Эл аралык абак реформасы уюму жүргүзгөн “Камалган аялдар кимдер?” деген аталыштагы изилдөөнүн жыйынтыктарында белгилүү болду. 

Ага ылайык, аялдардын 32 пайызы баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн соттолгон. “Кыргызстан Ооганстандан баңгизаттарды түндүк мамлекеттерге өткөрүүчү транзиттик жерде жайгашкандыктан, айрым кыргызстандыктар баңгизатты сактоо жана өткөрүү менен алектенишүүдө. Алардын арасында аялдар да бар. Баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн алар 4-8 жылга эркинен ажыратылышат”,- деп жазылат изилдөөнүн жыйынтыгында.

Мындан тышкары анда аялдар күйөөлөрү же анын туугандары тарабынан зордук-зомбулукка, психологиялык басымга кабылгандыктан, мыйзам бузууга баргандыгы белгиленүүдө. Изилдөөнүн жүрүшүндө айрым аялдар балдарын коргоо ниети менен кылмышка барганын да айтышкан.

аял кылмышБулак: super.kg