кумшекер
 Республиканын калкынын кумшекерге болгон жылдык орточо муктаждыгы (бир адамга 29 кг нормадан эсептелгенде) 145 миң тоннаны түзөт. Бул тууралуу Айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин материалдарында айтылат.

2002-жылы 51,1 миң тонна, 2003-жылы — 75,5 миң тонна кумшекер иштелип чыккан. Бул калктын муктаждыгын 52% камсыздаган.

Министрликтин маалыматы боюнча, 1995-жылдын 2008-жылга чейин ата-мекендик шекерди өндүрүү азайган.

«Акыркы жылдарда гана ата-мекендик кант кызылчасын жана шекер өндүрүүчүлөр шекерди жана кант кызылчасын өндүрүүгө көп көңүл бура башташты. 2010-жылы шекерди өндүрүү 14,1 миң тоннаны, 2011-жылы — 17 миң тоннаны, 2012-жылы — 13,3 миң тоннаны, 2013-жылы — 25 миң тоннаны түзгөн. Ошол эле учурда импорттоо жолу менен 67,9 миң тонна шекер алынып келинген. Анын ичинде КМШ мамлекеттеринен — 63,8 миң тоннасы туура келет. Бул калктын шекерге болгон муктаждыгында импортко көз карандылыктын көбөйгөндүгүн билдирип турат», – деп жазылат маалыматта.