Сиянь шаары, Кытай. Император Цинь Шихуандинин мавзолейинен табылган аскерлердин чоподон жасалган айкели. Сүрөттө блоггер Улукбек Омокеев.

Сиянь шаары, Кытай. Император Цинь Шихуандинин мавзолейинен табылган аскерлердин чоподон жасалган айкели. Сүрөттө блоггер Улукбек Омокеев.

Капырай, эр жетсем да эс кирбеди,

Балалык сезимиме кеч кирбеди.

Кыялдар көп нерсеге жеткирсе да,

Кыялдар а көбүнө жеткирбеди.

Жоктур эч кыялданбай тура алмагым,

Оюмду чын дүйнөгө бура албадым.

Ээрчитет, азгырат да, алаксытат,

Эх, менин кыялдарым, кыялдарым.

Ыр жандуу адамдар ушундай болобу дейм. Башкаларды билбейм, мен аябай кыялкечмин. Ээн боло калсам эле кыялдарым чабыттап, жашап жаткан дүйнөдөн чыгып кетем.

Бир кезде дүйнөнү кыдыргым келчү. Бирок түп көтөрө кыдыра элекмин. Бирок эки жолу чек араны кесип өтүп, Кытайда, Түркияда болдум. (Айрымдар үчүн мааниси деле жоктур. Мен үчүн маанилүү жагдай).

Бул эки өлкөдө болгонумдан бери “Өнүккөн Кыргызстан” тууралуу мурдагы кыялдарым жөпжөнөкөй болуп калды. Дагы бир-эки өлкө кыдырсам азыркы ойлорум деле жөнөкөй болуп калар. Ошентсе да, биртике эрке кыялдарым менен бөлүшкүм келип турат.

Меймандос болсок…

“Кыргыз эли меймандос, конок пейил элбиз”. Ушул сөздү көп айтабыз. Чынында ушундай. Бала кезде апам бизге бербеген таттууларын конокко коюп, тоок, үндүгүн конокторго союп берчү. Жайлоодо бөтөн журтка мал издеп барсаң, ”кирегой эле кирегой” деп үйгө киргизип, кымыз беришчү эле бейтааныш жеңелер. Кеч калсаң “конуп кет” дечү агалар. Бейтааныш жеңелердин, энелердин, агалардын берген тамагы эмес, жакшы мамилеси жанды эргитчү. Канчалык алыс жактан келсең, ошончолук сый көрчүсүң. Мунун баары айылдарда эле экен көрсө. Шаарда акчаң болсо даамдуу тамак жейсиң, жылуу төшөккө жатасың. Эми жашоо ушундай дегилечи. Бекер эч нерсе жок. Ар кимге эле тамак берип отурсаң өзүңө не калат? Ошо акчага саткан тамагыңды да жаркыраган кабак, жылуу мамиле менен берсең, тиги мейман бекер алгандай эле болбойбу. Мейман дегеним – булар  чет элдиктер.

Хуа тоосу. Кытай.

Хуа тоосу. Кытай.

Кытайда алдыңа үйрүлүп түшүп, бүк түшө ийилген эле адамдар. Тим эле тууганыбыздай мамиле кылып жатышты. Бирөө келип “мышыгыбызды пыш” деген жок. Бир нерсе сурасаң жаңсап атып, жандили менен жардам беришет. Кытайлар укмуш сонун эл турбайбы деп ойлоп калдым. Бир чоң музейде шерик балам экөөбүз жаңсап атып даараткана сурасак, тиги кытай ээрчитип барып көргөзүп койду. Биз болсо ушу ажаткананы да киши сурайбы деп кекээрленер белек. Баса, дааратканалары укмуш. Таза, тыкан. Булардын баары коноктор үчүн жасалган. Эми музейге бекер кирбейсиң да. “Эшегин сугарып, пулун ал”, – деген ушул.

Түркиянын кичинекей шаарындамын. Эрзурум шаары. Оштун элинче эл жашаганы менен чет элдиктер көп. Айрыкча окууга келгендер. “Мераба”, “Насылсыныз”, “Чок тешекүрлер” деген эле түрктөр. “Кыргыз кардешим” деп колуңду бекем кысып учурашат. Мени эле эмес, арабына, индусуна, татарына деле ошентип мамиле кылып жатышты.

“Паландокен” лыжа базасына татар досум Рузаль экөөбүз барып келдик. Жол сурасак түрк туугандар (тууган деп калат экенсиң, жакшы мамиле кылса) жан дили менен түшүндүрөт. Биз менен сүрөткө түшүштү. Бир күн кечке тоодо жүрүп, арып-чарчап келе жатсак бир түрк машинесине салып алды. Жөн жай сураштык. “Кардешлерим” деп бизди мейманканага чейин бекер таштап койду. “Кафеге отуралы силер кеткиче”,- деди.

Эгер түрктөр айрым кыргыздарга окшоп (көп эле угуп, окуп, көрүп да жүрөбүз) тоноп, шылдыңдап, алдап кетип отурса бир да чет элдик студент Түркияга басып келмек эмес. Бул жерде өз үйүңдө жүргөндөй жүрөт экенсиң.

Биздин эл да илгеркидей меймандос болсо… Чет элдиктерди жакшы мамиле менен күтүп алсак… дааратканаларды, тамактанчу жайларды, мейманканаларды, эс алчу жайларды чет элдиктер үчүн сонун кылып жасап койсок… Эч бир чет элдикти алдабасак, тонобосок… Жардам сураса аябасак… Анан алар алар жакшы тейлөөбүз үчүн акча ташташмак. Ыраазы болуп башкаларга да айта бармак. Туристтер Кыргызстанга көп келмек. Чет жерден кирген ар бир доллар элдин жашоосун жакшыртмак…

Мекенчил болсок…

Кытайда бизди коштоп жүргөн студент Иван (алар өздөрүн КМШдан келгендерге ушинтип тааныштырышат экен) “Силерде Кытайды билишеби? Кытай үчүн кандай ойдосуңар? Биздин эл жакшы ээ?” деп сурап жатты. “Биз, студенттер көбүнчө мамлекетке бекер иштеп беребиз. Мисалы, мен каникулда силерге кытай жерлерин тааныштыруу үчүн ыктыярчы болуп иштеп жатам. Бул мен үчүн сыймык”, – деди. Жанталашып маданиятын, тарыхын, кунг-фу өнөрүн бизге үйрөтүп жатышты. Кытай улуу эл, маданияттуу, өнөрлүү эл экенин далилдөөгө аракеттеништи. Кыскасы өлкөсү үчүн жаштары жанды берүүгө даяр экен.

Түрктөрдү айтпагыла. Патриоттуулугу жагынан алдына адам салышпайт. Ошто Кыргыз драма театрында өткөн бир иш-чарада өздөрүнүн гимнин төрт түрк залды жаңырта ырдаганда эле таң калгам. Зал толо кыргыздар биздин гимн жаңырганда төрт түркчө боло албай калганбыз. Түркияда болсо желектерин кабинетине, машинесине илип алышкан. Айрыкча машинесинин кулагына (артты көргөзгөн күзгүсүнө) желегин кийгизип алганын айтсаңар. Булар да Түркия үчүн жанын берүүгө даяр экени көрүнүп турат.

Биздин жаштар да мамлекетке бекер иштесе… Ал үчүн сыймыктанышса… Желекти пикеттерге, ызы-чууга көтөрбөй, жүрөгүбүзгө, жүргөн жерибизге  тагып алсак… Жакшы жагыбызды көрсөтүүгө далалат кылсак… Биз жаштар, ар кандай саясий топторго, чет элдик уюмдарга мүчө болбой, мамлекетке пайда берчү ыктыярдуу топторду түзүп алсак… Эне тилибизди, тарыхыбызды баарыбыз билсек…

Тоолорду пайдалансак…

Кытайдын Хуашань тоосуна чыгарышкан. Тоонун үчтөн бирине автобус менен, үчтөн бирине “Аркан жол” менен, үчтөн бирине тепкич менен чыгып барасың. Тоо десең, биздикиндей эле тоо. Деңиз деңгээлинен 2006 метр бийик. Тарыхый экспонаттар бар экен. Кадам сайын кафе, эс алуучу жай. Тоонун чокусуна кафе салып коюшкан. Тепкичтери, жолдору сонун. Тоо боорунда не ичип, не жейм десаң баары бар.

Эрзурумдун “Паландокен” лыжа базасы да андан кем калышпайт. Зыңгыраган машине жол. Заңгыраган тоо боорундагы кабат-кабат мейманканалар. Аркан жол. Эң кызыгы, тоо бооруна катар-катар кылып арча эгип коюшкан. Тактап айтканда, жылаңач тоону жашылдандырып коюшуптур. Тоодогу ар бир булактын көзүнө чорголорду жасап, ичүүгө ыңгайлуу кылышкан.

Түркиядагы Паландокен тоосунун боорундагы булак.

Түркиядагы Паландокен тоосунун боорундагы булак.

Бизде тоо көп. Булардын тоолору не болуп калыптыр. Бийик десең бийик. Жашыл десең жашыл. Кар десең кар. Тоо боорунда тарыхый жайлар деле бар болсо керек. Калмак ашуу, Жаныбек жатчу, Кошой коргон  ж.б. Ар бир кокту-колотубузда санжыра, дастан чачылып жатат. Таза минералдык суулар, булактар бизде көп. Биз да жогорку элдерге окшоп тоолорубузга жакшына жол салып, шарттарды түзүп, эс алчу жайларды куруп койсок… Булактарыбыздын беткелди агып, оозу бүтөлүп турушуна жол бербесек… Туристтерге жабдыгы кооз аргымак аттар, төөлөр, дагы сонун нерселер менен кызмат көрсөтсөк… Көчөт отургузбасак ак коелу, өсүп турган арча-карагайларды кыйбасак… Анан бизге чет элдиктер суктанышса… Келип ырахаттана эс алып кетишсе…

Тарыхыбызды сыйласак…

Кытайдын Сиянь шаарында ушундай мыйзам бар экен. Шаар борборундагы үйлөр 14 кабаттан ашпайт. Себебин тарыхый дубалдар менен мунаралардан турак үйлөр, мекемелер бийик болбошу керек деп түшүндүрүштү. Бул тарыхка болгон терең сый-урмат эмес бекен. Быкбырдай кайнаган көп кытайга тирелген кабат үйлөрдөн да тарыхы кымбат турарарын карагыла. Метро курууга жер казса эле тарыхый табылгалар чыга берген экен, аларды бузбоо максатында метро курууну токтотуп коюшуптур. Императорлор күмбөзүн, дубалдарын, топурак аскерлери табылган жерди көздүн карегиндей сакташат экен. Шарттары укмуш. Жарык берүүчү лампалары, эшиктери автоматташтырылган. Тарыхын жан талаша тааныштырган кытай гиддери. Салкындыгын айт, тазалыгын айт. Ар бир экспонаттын байыркылыгын сактап, кайра жасалгалап коюшкан.

Түрктөр андан кем калышпайт. Аны айтпасак деле белгилүү да. Теледен, кинодон көрүп эле канча туристтер агылып келет бул жакка. Стамбулду кой, Эрзурумда тарыхый жайлар кем калышпайт. Мечиттер, тарыхый эстеликтер. Көчөлөргө багытын көргөзүп жазып коюшкан. Булардын негизги кирешеси да туризм аркылуу болсо керек. Болгондо да тарыхый эстеликтерди пропагандалоо аркылуу. Эрзурумда тээ XI кылымдан бери карай салынган мечиттер, тарыхый жайлар турат тирелип. Жалаң эски курулуштар бар кварталга бардык. Кандай болсо ошондой бойдон сактап коюшкан. Урандысын уранды бойдон. Биздикилер сүрдүрүп таштап ресторан салышмак беле деп ойлодум. Араласаң байыркы доорго барып келесиң. Ичинде байыркыдай жасалган кафелер да бар. Байыркы мечиттерине кирсең, ичинде видео көзөмөл турат.

Ибрагим паша мечити. Түркия.

Ибрагим паша мечити. Түркия.

Бизде деле тарыхый эстеликтер көп. Бурана, Таш-Рабат, Өзгөн мунарасы, Кароол-Дөбө, Сулайман Тоо, Саймалы-Таш жазма эстеликтери. Дагы мен билген, билбеген жайлар. Аларды да сонун кылып кастарласак… Туристтер үчүн шарттарды түзүп койсок… Көргөнү келген туристтер суу ичкиси келсе суу, тамак жегиси келсе тамак, уктагысы келсе уктоочу жайлар даяр болсо… Тарыхыбызды уккулуктуу, мукам үн менен орусча, кыргызча, англисче, дагы башка тилдерде баяндап берсек…

Милициябыз кичипейил болсо…

Кытайга барганда самолеттон түшкөндө аябай тыкыр текшеришти. Бир сааттай турдук. Анан өлкөнүн ичине киргенибизде бир да формачан киши жолукпады. Мен дегеле полиция көрбөдүм. Жок, көрүпмүн. Бизге бир нерселерди сунуштаган (кыязы ичимдик, же тыюу салынган нерсе) жергиликтүү жигиттерди кармап кетип жатканда. Ошондо да бизден улам-улам кечирим сурап, беркилерди мотоциклине салып кетишти.

Түрк полистери да ушундай экен. Стамбул аэропортуна түшкөндө чулдурап бир полистен Эрзурумга учакка кайдан отурушумду сурасам. “Сен нередесин?” дейт “Кыргызстандан”,- десем, “Оо, бенин кыргыз кардешим” деп ээрчитип барып көргөзүп койду. Эрзурумда болсо көргөн жокмун. Сыягы алар ар бир кирген чет элдиктерден кабары бар. Шектүү болбогон соң текшеришпейт окшойт.

Түркия. Эрзурумдагы курорт.

Түркия. Эрзурумдагы курорт.

Үрүмчүдө бизге сабак өткөн кытай мугалим: “Бизде полиция чет элдиктерди кармабайт. Силерде кармайт экен. Мен Кыргызстанга барганда көчөдө жүрсөм бир полиция акча сураган. Бербесем жөндөн жөн эле бир сутка камап койду”,-дегенде өлбөгөн төрт шыйрагыбыз калды. Студент кезде биз менен окуган түрктөр да какшашар эле. Мурду коңкоюп турса эле кармап, текшере беришчү окшойт.

Кыргыз полициясы адамгерчиликтүү, кичипейил болсо… Чет элдиктерди сыйласа… Жөнү жок текшербесе… Чек арадан жакшы текшеришип,андан соң көздөрүнө көрүнбөсө… Кокус адашып калса, жабыркаса жете келип жардамын беришсе…

Тамак-аш индустриясын өнүктүрсөк…

Кытайлар жөнү жок сүйлөшүүгө убактысын коротушпайт экен. Иштешет, иштешет жана да иштешет. Бирок тамактануу анан спорт менен машыгуудан убактысын эч аяшпайт. Бир саат кенен отуруп, анысынан, мунусунан, этинен, жашылчасынан “маззе” кылып жешет. Тамактары да даамдуу, ар түрдүү. Бир кытай эки адамдын тамагын шашпай отуруп кош таякчасы менен жеп коет. Бирок семирип кеткен кытайды көрө албайсың. Зыңкыйып сымбаттуу. Тим эле ар бир туурам нерсесинен философия жаратышат. Ар бир тамактын тарыхын, келип чыгышын, маанисин түшүндүрүшөт. Бизге менин тааныштарым ойлогондой бака-жылан, курт-кумурскаларын берген жок. Мусулман дешип жалаң адал тамактарын берип жатышты. Түрүн айтпа, кооздугу ашып түшөт.

Түрктөрдү даам боюнча дүйнөдө алдыңкы сапта турат дешчү. Чынында ошондой экен. Мүмкүн болушунча түрдүү, даамдуу. Шириндиктери өзүнчө бир баа. Азыр биздин өлкөдө “Түрк шириндиктери” жайнап кетпедиби? Булар да конокторго жакшы тамак берүүгө далалат жасашат экен.

Бизде деле тамакты даамдуу жасайт. Мындан да мыкты кылып  өнүктүрсөк… Бозо, кымыз, жарма, максым-шербет, чалап, жууратты дагы да иштеп чыгып заманбап үлгүдө тартууласак… Сүт тамак, дан азык, шириндиктер, карагат, чычырканак, бүлдүркөн, кымыздык, ышкын, балтыркан, жер-жемиш, чөп-чар, жашылча азыктарын түрдүүлөп жасасак…. Чабаты, куймак, бал боорсок, жупка, каттама, чакчекейлерге дагы да жаңы даам берип, жаңы жүз кошсок… Эт азыктарын айтпай эле коелу…Ойлоп көрсөк, деңиз азыктары эле болбосо баары бизде бар экен. Түрдүүлөп, жасалгасын жаңылап башка элдердин таңдайын такылдатсак… Анан түрк менен кытайлар сыяктуу тамак-ашыбыздын даамдуулугун, ден соолукка пайда экендигин аянбай жарнама кылсак…

Эми буларда деле кемчилик бар деңиздерчи… Кептин баары ошол кемчилигин көрсөтпөгөнгө аракет жасашканда болуп жатпайбы.

Мына ушулар менин кыялдарымдын бир-эки тамчысы.

Кыялдар ишке ашат…

Ысык-Көлдүн чок ортосуна аянты бир нече гектарды ээлеген калкыма пансионатыбыз болсо, өтө бийик болбогон эки, же андан көп тоолордун чокусун туташтырып турган заңгыраган асма жолубуз болсо, жети дубанды бириктирип турган, жаратылышты аралап өткөн заманбап темир жолубуз болсо, дарыяларыбыз бейпайда акпай, адамдар эс алууга, эгин сугарууга, кичи ГЭСтерди иштетүүгө кызмат кылса, Оштогу бүтпөй турган көпүрөбүз бир эмес, бир нече кабат болуп заңгырап турса, элибиз жан багуу үчүн эмес, бир нерсе жаратып калуу үчүн, өлкөгө пайда бериш үчүн жашап калышса деген сыяктуу тентек кыялдарым ичимде толуп жатат.

Бирок менин кыялым аз эле экен. Мындан да көп нерсе кыялданса болор. Кыял бекер эмеспи.

Кытай гиддери менен.

Кытай гиддери менен.

Илгерки жомоктордогу, элдердин кыялындагы учуучу килемдер самолет-вертолетко, жер тыңшаар мамыт телефон-радиого, көрөгөч мамыт интернет-телеге алмашылып отурат.

Адам болбой турган нерсени кыялдана да, ойлоно да албайт окшойт. Биздин аң- сезим бар нерсени гана ойлонууга кудуретүү сыягы. Бир агайым “Жок нерсенин өзү жок” дээр эле.

Келгиле, жакшы нерселерди кыялданабыз…

Улукбек Омокеев, блоггер