атамбаев12

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2014-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду, Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашууну, заемчу катары Кыргыз Республикасы менен кредитор катары Европа Бирлигинин ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 19-февралында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Европа Бирлигине Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумдун, Грант жөнүндө макулдашуунун жана Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.