«Кыргызстан ханышасы-2014» сынагынан фоторепортаж
Республиканын бардык аймактарынан келген 28 талапкердин катышуусунда «Кыргызстан ханышасы-2014» сынагы жыйынтыкталды.
Сынактын 16 жаштан 23 жашка чейинки катышуучулары 5 этап боюнча, тактап айтканда саламдашуу, талант көрсөтүү, улуттук кийим, бикини жана кече көйнөгү менен чыгуу боюнча тапшырмаларды аткарды.
Жыйынтыгында, 18 жаштагы Айжамал Эсенова «Кыргызстан ханышасы-2014» аталып, Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираты) эки кишилик жолдомого ээ болду.
Ал эми, кийинки орунду алган 16 жаштагы Алтынай Мырзабекова вице-мисс аталса, 19 жаштагы Алия Шаирбекова экинчи вице-мисс аталды.
Булак: Баракелде
Комментарий кошуу