asanova_0

Кыргыздан чыккан легендарлуу кинорежиссер Динара Асанованын жана сүрөтчү-мистик Николай Юдиндин уулу Анвар бомж болуп калды деген маалыматтар орус гезиттерине чыгып кеткен. Токойдун арасында жыгачтан жасалган алачыгын да өрттөп кетишиптир. Ал азыр талаага ташталган “тез жардам” машинасынын ичинде мышыгы экөө жашайт. Курулушта иштеп жан багат. Санкт-Петербургдагы үч бөлмөлүү үй Юлия Юдинага таандык…

Динара Асанова 1985-жылы Мурманск шаарында “Незнакомка” (“Бейтааныш”) аттуу фильмди тартып жатканда 43 жашында каза болгон. “Тоңкулдактын башы оорубайт”, “Балдар”, “Ажарлуу, кымбаттуу, сүйкүмдүү, жалгыз…” аттуу фильмдери советтик кинонун алтын фондусуна кирген. Динара Асанова – Ольга Машная, Елена Цыплакова, Марина Левтова, Елена Проклова өңдүү актрисалардын багын ачкан.

Юдин менен Динаранын уулу Анвар 1971-жылы туулган. Алгач анын атын Владимир коюшкан. Кийин Анвар деген ысым беришти. Анвар перс тилинен кыргызчага которгондо “нур чачкан” дегенди түшүндүрөт.

– Анвар апасы менен кино тартуучу аянтта өстү. Артынан ээрчип калчу эмес. Аны үч жашынан баштап, киного тарта баштады,-дейт актриса Лора Умарова. Ал апасынан 13 жашында ажырап, кичинекейинен эле атасын жаман көрчү. Атасы ал тургай Анварды апасынын жерге көмүү тажиясына катыштырган жок.

– Биз баланы болбой жатып алып бардык. Апасын акыркы сапарга узатууга ал катышууга тийиш эле, – дейт Динаранын эжеси Клара Асанова. Легендарлуу режиссер каза болгон соң таенеси Анварды Кыргызстанга алып баса берген. – Бирок, анын мекени  Санкт-Петербург болгондуктан, Кыргызстанда жашагысы келген жок – деп, сөзүн улантты Клара Асанова. Питерге кайра барганда атасы тосуп алмак тургай, үйүнө киргизбей койду. Экөөнүн мамилеси өтө начар эле. Динаранын аны менен ажырашуу ниети бар болчу, бирок жетишпей калды… Апам каза болгон соң Бишкек шаарынын четиндеги үйдү сатып, 7 миң доллар акчасын Анварга бердик.

Ошентип Анвар көчөдө калды. Ал апасынын каза болгондугуна, атасынын саткындыгына ичинен күйүп түтөдү. Психиатриялык ооруканага да түштү. Андан чыккандан кийин кишилерден алыстап, токойдо жашоону чечти. Жан-жаныбарлардын, дарактардын арасында жашоо ага жеңил сезилди. Анвар 21 жылдан бери Ленинград облусунун дачалуу кыштагында жашайт. Динара Асанова “Ленфильмден” алган үч бөлмөлүү квартира өгөй энеси Юлияга катталган. Анварды көрүш үчүн Динаранын эжеси Клара Асанова Санкт-Петербургга учуп келди. Ал жөнүндө ойлогон дүйнөдө бир адам болсо – ошол Клара.

– Шарты өтө начар. Талаага ташталган, дөңгөлөгү жок “тез жардам” машинасынын ичинде уктайт. Аны менен кошо 8 мышык жашайт. Санитардык талапка жооп бербейт. Неберем экөөбүз Питердин мейманканасына токтодук. Анвар дайыма үй курам деп мага убада берет. Баштаганы чын, эми ошону кышка чейин бүтүп калсам, дейт. Жакында анын машинасынын номерин алып ташташты, анткени, үй дареги боюнча пропискасы жок. Ал мурда кичинекей алачыктай жыгач тамда жашачу. Кокусунан өрттөнүп кетти. Бирөөлөр өрттөдү деген пикирде Анвар… Кимдир бирөөгө отун жарып, кимдир бирөөнүн үйүн ремонттойт, кимдир бирөөнүн огородун казып оокат кылат. Кошуналары аны “алтын кол” дешет. – Азыркы учурда ага акча керек, курулуш иштери көп, мен болсо пенсионермин. Небереме эки-үч айда бир 500, 1000 доллардан жөнөтүп турам, – дейт Клара Асанова.

– Көйгөйлөр эч нерсе эмес, Анварга барып жолуктум. Эң башкысы ишенимде. Ал азыр чиркөөгө барып сыйынып жүрөт. Өкүнүчтүүсү кыргыз жергесиндеги апасынын кабырын 30 жылдан бери көрө элек. Негизи Динара Асанованын өмүрү жана чыгармачылыгы сырдуу жана трагедиялуу. Ал тарткан фильмге катышкандар жаш бойдон каза болушкан. Маселен, “Берүүгө укугу жок ачкыч” аттуу фильмде башкы ролду ойногон Андрей Лавриков кинонун премьерасына жетпей асынып калган. Дагы бир актер Александр Богданов жырткычтык менен өлтүрүлгөн. “Тоңкулдактын башы оорубайт” киносунда атактуу Муханын ролун ойногон Александр Жезляев баңгизатка кирип кетип, өмүрү трагедия менен аяктаган.

Динара Асанованын күйөөсү Николай Юдин 2008-жылы каза болгон. Ооруп жатканда кийинки аялы Юлияга үйүн мураска калтырган. Ал эми легендарлуу кино режиссер тарткан фильмдерден түшкөн каражаттар “Ленфильмге” гана кетет, – дейт актриса Лора Умарова. Динаранын өлүмү жалгыз уулунун тагдырын аңтар-теңтер кылды. Анварда мыкты актердук карьера болот дечү апасы. Ал тирүү болгондо уулу балким, эл аралык кино фестивалдарда жарк этип жанмак. Анын ордуна бүгүнкү күндө токойдо жашап жатканы өтө өкүнүчтүү.

Карбалас БАКИРОВ