28-номер3

28-номер1

28-номер2Кыргызстандагы жайлоолордун биринде жашаган Бактыбек Дүйшеев менен анын жубайы Атыркүл Түнкатарованын үй-бүлөсүнө алыскы Германиядан ата-энеге баш бербеген эки ээнбаш өспүрүм жеткирилет. Жубайлардын 5 баласы бар. Алар жайлоодо тыным албай иштеп, мал багып сүт азыктарын сатуу менен күн көрүшөт. Аларга келген Мориц жана Доминик үй-бүлөнүн чарба ишине жардам берип, тамеки тартпоого жана алкоголь ичпөөгө милдеттендирилет. Бактыбек Дүйшеевдин айтымында алар алгачкы мезгилде эч нерсе кылгылары келишпейт. Өз абалдары менен макул болушпай, каршылык кылып кол көтөргөндөн да кайра тартпаган абалга чейин жетишет. Бирок бара-бара алар жумшарып, мал караганга жардам берип, уй сааганды үйрөнүп, кык чогултуп, отун жарып дегендей кадимкидей өзгөрүшөт. Алар турмушка жаңыча карап, өз үй-бүлөлөрүнө кандай кыйынчылыктарды жана азаптарды алып келгенин түшүнүшөт. Өзгөрүүгө даяр болушуп, үйлөрүнө кайтышат да ата-энелеринен кечирим сурашат.

Германиянын Кёльн шаарында жашаган 17 жаштагы Мориц эч бир иш кылбай мектепти таштап, тамеки тартып, пиво ичип, жаман жолго түшөт. Ушундай эле бейадеп жүрүш-турушу менен 15 жашар Доминик да мектепти таштайт. Пиво ичип, энесине агрессивдүү мамиле жасайт. Экөөнүн тең жакшы жагына өзгөрүүсүнөн түңүлгөндөй болгон энелер аларды “сюрприз” менен эс алууга жиберишет. Алар Бишкекке учаарын угушат. Бирок жайлоодогу кыргыз үй-бүлөсүнө келип, жакшы тарбия алып, таанылгыстай өзгөрүшөөрү эч бир ойлоруна да келген эмес.

Азыркы күндө Доминик Германияда андан ары ишке орношуу келишими менен мехатроника боюнча практикасын баштаса, Мориц кесиптик лицейде окуп жатат.

Бул окуяны камтыган “Дүйнөдөгү тартиби эң катуу ата-энелер” аттуу телепрограмма жакында Германиянын кеңири белгилүү Kabel 1 каналынан көрсөтүлгөн.