ИИМ

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары” жөнүндөгү Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу боюнча мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 28-январында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин КР Куралдуу күчтөрүн башкаруу системасын реформалоо маселеси боюнча 2013-жылдын 5-июлундагы №4 чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын ченемдерин Куралдуу күчтөрдү башкаруунун системасын реформалоонун негизги багыттарына шайкеш келтирүү кабыл алынган Мыйзамдын милдеттеринин бири болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.