чырмаш1 i-8 чырмаш

 Кыргыздын Н.Баскову аталган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Чырмаш Төрөбековдун өмүрлүк жары Шайырбү Төрөбекова. Чырмаш мырза менен Шайырбү айым жыйырма жылдан ашык убакыттан бери турмуштун ачуу- таттуусун татып, бир кыз, уулду тарбиялап, үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келет. Анда эмесе кеп оролу Шайырбү айымда болсун.

Алгач Чырмаш мырза экөөңүздөр таанышкан күндөн баштасак?

-Чыкем экөөбүз тең Искусство инситутунда чогуу билим алганбыз. Ал киши инсититутта вокал жагынан окуган, мен болсо комуз бөлүмүн  бүтүргөм. Курсташ болуп жүрүп эле, мамилебиз жылууланып, сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз.

Жолдошуңузду алгач көргөндө кандай сезимдер болгон?

-Эстей албайт болушум керек. Бирок, эки адамдын жан дүйнөсүндө башкача сезим, күчтүү ишеним жашап калаарына ишенем. Ар бир жанды кудайым түгөйү менен жаратат деген сөз айтылып жүрөт. Анын сыңары, эки түгөйдүн бактысы бир боло турганын эки адам кайсы бир мерчемделген убакыттын ичинде сезип туюп, өзгөчө сезимдерде болушат. Чыкемдин адамгерчилигин өзгөчө баалагам.

Чырмаш мырза үйдө кандай жар, кандай ата?

-Чыкем үнүн орусча айтканда “бархатный голос” деп коюшат. Ошол себептүү адамгерчилигин, мүнөзүн, өзүнүн коңур, аваз үнүнө салыштырам. Жарына мээримдүү түгөй, балдарына камкор ата, мыкты инсан. Сапаттарынан болсо, жөнөкөйлүгүн абдан баалайм.

Канча баланы тарбиялап өстүрдүңүздөр?

-Бир кыз, бир уулубуз бар. Кызыбыз 20 жашта, учурда Медициналык академияда билим алууда.  Кызым медик болом дегенинен атасы экөөбүз да макул болдук. Уулубуз болсо 10 жашта, 4- класста окуйт. Учурда М.Абдраев атындагы музыкалык мектепте билим алат. Эми уул болгондон кийин атасынын жолун уласын деген жакшы тилегибиз бар. Кудай буюрган болсо, уулум атасындай коңур үндүү талантуу, өнөр дүйнөсүнүн уулу болот го деп ойлойм.

Жолдошуңузга Чыке деп кайрылат окшойсуз?

-Ооба, ар дайым Чыке деп кайрылам. Чырмаш деп атабайм, Чыке деп эркелетем (күлүп). Ал киши мени Шаки деп кайрылып калмайы бар. Кудайга шүгүрчүлүк кылам, Чыкем экөөбүздүн ортобузда  жылуу сүйүү бар, сыйыбыз күчтүү.

Чыгармачылыгына кандай баа бересиз?

-Чыкемдин үнү жаратылыш тарабынан ыйгарылган, өзү менен кошо төрөлгөн десем болот. Биз атабыздын ырдап жүрүшүн гана каалайбыз, ал адамга моралдык колдообузду аябайбыз. Чыкемдин  ар бир аткарып чыккан чыгармасын балдарым менен чогуу үйдөн талкуулайбыз. Эл алдында эле болсо экен деп тилейбиз. Белгилүү бир себептер менен бир концертке катышпай калган болсо, кийинкилерине катышып ырдашын суранып, ойлорубузду ортого салып тынчсызданабыз.

Чыгармачыл адамдын жубайы болуу кыйын эмеспи?

-Чынан айтканда оор десем деле болот. Чыгармачыл адам болгондон кийин, ал адамдын артынан ар кандай сөздөр ээрчийт. Ошол сөздөрдү туура көз карашта кабыл алып, туура түшүнүү бул чыгармачыл адамдын жан шеригинин негизги милдети катары кабыл алам. Бирок, аял катары кээде чындыкка коошпогон сөздөрдү көтөрү кыйын болуп кетет. Бирок, өзүм да чыгармачыл адам болгондон кийин Чыкемдин ишин туура түшүнүүгө аракет кылам.

Сүйлөшүп жүргөнүңүздөрдө кино, концерттерге барчу белеңиздер?

-Албетте концерт, кинолордон калчу эмеспиз (күлүп). Биздин мезгилде адамдардын мамилеси, заман дагы башкача эле да.

Кызганасызбы?

-Кызганыч болот. Албетте, кызганган жагдайлар болгон. Эгер мен кызганып отура берген болсом анда ал кишинин чыгармачылыгын солгундатып алган болом деп ойлойм. Негизгиси эки адамдын ортосунда мыкты мамиле менен ишенич, сый болсо андай нерселер эч кандай таасирин тийгизбейт. Чыкем элдин адамы болгондуктан бул адам ырдаш керек.

Үй-бүлөдө казан-аяк деген неме калдырап кетет эмеспи, бул жагдайда кимиңиздер демиңиздерди ичке ката аласыздар?

-Туура, бул нерсе мыйзамдуу нерсе да. Казан-аяк кагышып кеткен учурда ал киши сыртка чыгып кетет же абалды жөнгө салып коет. Аял киши болсо майда нерселерге да көңүл буруп, ыңгайсыздыкты жаратып алабыз да. Чыкемдин жан дүйнөсү кең, сабырдуу адам болгондуктан, тез эле кайра ымалашып кетебиз.

Кайсы жерге келин болуп түштүңүз, бир үйдүн канчанчы келинисиз?

-Жолдошум экөөбүз бир облустан эле болобуз. Жолдошум 7 бир тууган. Бир бүлөнүн үчүнчү келини болом. Кайын журтум мыкты кишилер. Чыкем  атабызга (кайынатабыз) окшош. Мүнөзү, айтор бардык нерсеси баары ошол кишиге окшош. Кайын энем кайтыш болуп кеткен.

Чырмаш мырза сиздин журтка барганда, кайын журтуна кандай күйөө бала?

-Өзүм эки уул, эки кыз, төрт бир тууганбыз. Үйдө мен экинчи кызмын. Айтор, баардыгы менен мыкты мамиледе, абдан жапакеч адам болгондуктан бардык адамдардын тилин ылдам таап алат (күлүп).

– Чыкеңиз тамакты ылгап жейби, кайсы тамакты сүйүп жейт?

-Ал киши камыр тамактарга басым жасайт. Манты, пловду жакшы көрүп жейт.

Сиз эмне жумуш менен алектенесиз?

-Башта айтып өткөндөй инситуттан комуз бөлүмүн аяктаган соң,  турмуш шартка байланыштуу башка кесип менен иштөөгө туура келди. Учурда туристтик компаниялардын биринде иш алып барам.

23-февраль майрамы да жакындап калды, жолдошуңузга кандай белек камдап жатасыз?

-Бардык майрамдарды дээрлик үй-бүлөбүз менен дасторкондун чекесинде өткөрөбүз. Үй кожейкеси болгондон кийин даамдуу тамактардын камын эртелеп эле көрө баштайм. Балдарым менен бирге майрамдайбыз. Көбүнчө керектүү, күнүмдүк колдоно турган каражаттарды белек кылам.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА