кызбурак1 кызбурак

Гулшайыр айым легендарлуу “Кыз-Бурак” тобун түптөп, өнөр дүйнөсүнө кызмат кылып, обологон обондорду жаратып, маданият дүйнөсүнө салымын кошуп келе жатканына 40 жыл толуп отурат. Аны менен катар өздүк 60 жылдык мааракелик кечесинин алдында суроо салып баарлаштык.

– Маегибизди 60 жылдык кечеңизге арналып өтө турган концерттен баштасак…

– Өнөр дүйнөсүнө аралашканыма 40 жыл толуптур. Андан бери эсептесем, 130га жакын обон жазыптырмын. Ушул обондорума көңүл бурбай эле, өмүр бою гезит- журналдардан “Кыз Бурак” менен чыгып жүргөн экенмин. Аны менен бирге  өнөр дүйнөсүндөгү кырк жылдык убактымда мен бир гана ыр менен чектелбестен, бир нече фестивалдарды уюштуруп, режиссёрлук, уюштуруучулук иштерди да колго ала жүрдүм. 60 жылдык мааракемдин алдында эсептесем 60 ырымды “Кыз Бурак” тобу, 30га жакын чыгармамды эстрада ырчылары аткарышыптыр. 60ка жакын мырзаны, 305 кызды ыр дүйнөсүнө аралашуусуна жол көрсөттүм десем болот. Көптөгөн ырларым журтума жетиптир. Минтип калың журтумдун алдында жакшы концерт берсек деп турам. Кудай буюрса 28- 29-ноябрь Ош шаарында, 5-6 -декабрь Бишкек шаарында Улуттук филармонияда менин ырларымды аткарып жүрүшкөн отузга жакын өнөр адамдарынын коштоосунда, Казакстан, Өзбекстандан ырларымды аткарып жүргөн таланттардын коштоосу менен  кечем өткөнү турат.

– Жашоодо кээ бир адамдарга ийгилик капысынан жолугат же жолдуу болот деп коюшат. Ал эми кимдир бирөө үчүн ийгилик эмгектенүүнүн аркасынан келет. Сиздин бул пикирге оюңуз кандай?

– Турмушта адамдардын  тагдыры ар кандай болот. Ал эми менин жашоомдо ийгилик эмгектенүүнүн, аракеттин аркасынан келет. Өнөр дүйнөсүнө аралашып, талбаган эмгек кылганыма 40 жылдын жүзү болуп отурат. Күн-түн чуркап, чарчоо эмне экенин билбегенимдин артынан гана ушул ийгиликтерге жетишип отурам.

– Журтуңузга обологон обондорду жаратып, ыр кайрыктарын аткарып, эмгек кылып келесиз. Сиз эл алдына чыкканыңызда сизден башкача бир аялдын турпатын көрөбүз десек жаңылбасак керек… Негизи эле сизди кайсы күч ырдатат?

– Обон жаратуу же кылган ишиңден баар табуу- бул бир гана улуу жараткандын каалоосунан көз каранды деп баса белгилээр элем. Жер үстүндөгү адамзат жаратып жаткан жакшы иштердин баарысы, Алла-Тааланын амири, кудурети менен болуп келет. Мен айтаар элем, мага дагы кудай таалам тарабынан кандайдыр бир күч берип турат, ошол нерсенин аркасында ийгиликке жетип отурабыз десем болот. Жараткан тарабынан бардык адамга күч-кубат, туура багыт берилет, ал эми пенде тек гана мыкты аракети жана жакшы ниети менен иштерди жасаса, арты жемиштүү болот.

– Кыргыздын бир жакшы сөзү бар. “Кардыма эмес, кадырыма ыйлайм”-  деп айтылат. Дегеле сиздин жашооңузда кадыр, абройдун мааниси туралуу эмне айталасыз?

– Бул жашоого келген ар бир  акыл- эси толук адамдын баары кадыр- баркка ээ болсом, же кадыр, урмат күтсөм деген жакшы ак тилекте болот. Бирок, айланаңдагы адамдардын же бүтүндөй журтуңдун кадырлоосуна жетишүүнү каалаган адам, эң биринчи кезекте ак эмгек кылуусу абзел жана ага милдеттүү. Кадырды чакалап же сумкелеп сатып алуу мүмкүн эмес. Кадыр деген нерсени мен дагы, сен дагы, жалпы адамзат түшүнүү керек жана колдонушубуз керек. Түз жүрүп, түз иштесең, колуңан келип турса башка адамга жакшылык кылган болсоң элиңдин урмат, кадырына жеткен болосуң. Бирок, адам жашоосунда көр пенделердин да карааны кездешет. Көр пенделердин кыянаттыгына, саткынчылыгына, ушактарына кейиптер болуп калганыңда, “кардыма эмес кадырыма ыйлайм” – деп айтылат.

– Чыгармачыл адамдарга кандай сүрөттөмө бересиз?

– Өнөр, чыгармачылык чөйрөсүндө кызмат кылган адамдардын көңүлү абдан назик болот. Бул адамдар калкылдаган куш учуп баратса, аны көрбөстөн, кичинекей бир чымчык туура эмес учуп баратса, ошону көрүп учуп бараткан чымчыкка көңүлү ооруган инсандар болушат. Өтө назик, сезимтал, сезгич сапаттарга ээ адамдар десем болот. Жакшы жана жаман сөздөр чыгармачыл адамдар үчүн өзгөчө нерсе десем жаңылбайм. Бир сөз үчүн жараланып же жакшы сөз болсо көккө учуп кетиши ыктамал. Айтор, ар бир нерсеге көңүл бөлүп, аяр туткан жандар десем жаңылбайм.

-Сөз деген нерсеге да токтолуп кеттиңиз. Негизи эле сөз кудурети деп коёт, же айтылган кээ бир сөздөр материалдашат, же күчтөнөт делинет. Буга сиздин оюуңуз кандай? 

– Туура, сөз кудурети бар деп ойлойм. Сөздүн мааниси менен маңызы адамзаттын куралы. Элибизде “Пенденин оозунда болсо, кудайдын кулагында”- делинет. Жакшы сөз, жакшы кеп адам үчүн керектүү жана моралдык жактан колдоо болуп саналат. Жашоонун жыргалы адамдардын бири- бири менен мыкты мамилеси, жакшы сөзү десем жаңылбайм.

– Сиз түштүк жергесинде аялдардын арасынан алгачкылардан болуп машине минген экенсиз, ушу укканым чынбы?

– (Күлүп) Ооба, 1984- жылы болуш керек, түштүк жергесинде аялдардан эң биринчи автоунаа минген мен болгом. “Жигули 07” маркасындагы кызыл түстүү унааны айдагам. Ал унаа атама коммунисттик партия тарабынан сыйлыкка берилген унаа болчу. Бирок атам айдоочу күбөлүктү алганымдан кийин гана унаага отургузган. Көчөдө үч жылга чейин мингенмин. Эсимде бар, алгач айдап чыкканымда адамдардын көбү колдору менен көрсөтүшүп, айрыкча мырзалар карагылачы аял киши унаа тээп жүрөт деген сөздөр көп болгон. Машине айдаганым башында өтө өөн учурап, андан кийин гана көнүшкөн. Учурда отуз жылдык тажрыйбасы бар айдоочумун.

– Эже эмнени сагынасыз же сагындыңыз?

– Тээ Союз учурундагы жашоону сагындым. СССР маалындагы таза адамдардын пейилин, алардын бири-бирине болгон мамилесин айрым, кең жашоону кээде отуруп эстеп да алмайым бар. Ал кездеги тынчтыкты, бейкуттукту, токчулукту, элдердин ортосундагы сонун маанайды сагынам. Азыркыдай китлап эмес, колго кесилип бышырылган кесмени, бөлкө жебей тандырга жасалган ысык нанды туурап жегенди, азыркыдай “Спрайт, кока-коланы” эмес, апабыздын колунан даяр болгон айран-сүттү, эртеден- кечке компьютердин маңдайына байланбай, китеп окуп, киного барганды сагындым.

 Мээрим БАКТЫБЕКОВА