Кыргыз прокуратурасынын 90 жылдыгы Ысык-Көл облусунда салтанаттуу жыйын менен белгиленди. Бул тууралуу Ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы маалымдады.

Ага Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Акылбек Джаныбеков, облустун прокурору Айбек Какеев, прокуратуранын ардагерлери жана кызматкерлери, облустагы укук коргоо органдарынын жетекчилери катышышты. Прокуратуранын 90 жылдыгы менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн атынан куттуктаган Акылбек Джаныбеков “Прокурорлорго мамлекеттин атынан көрсөтүлгөн ишеним чоң экени талашсыз. Адамдардын мыйзамга карата ишеними жана адилеттүүлүктүн болушу түздөн-түз прокурорлордун сапаттуу иш-аракеттерине жараша болот. Себеби Сиздер аркылуу бийлик тарабынан жарандардын укугу, эркиндиги жана мыйзамдуу таламдары канчалык деңгээлде корголгондугу аныкталат. Ар бир тармак боюнча мыйзамдын аткарылышын, нормативдик-укуктук актылардын мыйзамдуулугун көзөмөлдөп, жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына прокурордук көзөмөлдү өркүндөтүүгө мындан ары да өз салымыңыздарды кошосуңар деп ишенемин!”- деди А.Джаныбеков жана ал ыйгарым укуктуу өкүлдүн ардак грамотасы жана алкыш баракчаларын тапшырды.

Ошондой эле облустун прокурору Айбек Какеев өз сөзүндө бүгүнкү күндүн талабына ылайык коррупцияга каршы күрөшүү багытында бир катар алгылыктуу иштер аткарылып жатканын тактап айтканда 9 ай ичинде облустук прокуратура тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү багытында мамлекетке жалпысынан 1млн 186миң сомдон ашык зыян акчалай түрдө өндүрүлүп берилгенин жана ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү боюнча да иштер аткарылып жатканына токтолуп өттү. Ошондой эле облустун прокурору А.Какеев башкы прокуратуранын ардак наамдарын, грамоталарын тапшырып, прокуратурада көп жыл эмгектенген ардагерлерге белектерди ыйгарып, аларга бекем ден соолук каалады.

ысык-көл7 ысык-кол ысык-көл1 ысык-көл2 ысык-көл3 ысык-көл4 ысык-көл5 ысык-көл6