ботобаев1

Бүгүн “Кабар” агенттигинде ИИМдин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү Башкы башкармалыгынын начальниги Мирлан Каниметов, кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Адилбек Ботобаев, тергөө башкы башкармалыгынын башчысы Талантбек Уметалиев журналисттер үчүн пресс-конференция уюштуруп, жылдын жыйынтыгын чыгарышты.

Уюшкан кылмыштуу топтор

Алсак, уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын берген маалыматы боюнча 2014-жылы ар кандай оор кылмыштарга тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун 190 мүчөсү кармалган. Алардын ичинен кармалган адамдын 82 мүчөсү К.Көлбаевдин, үчөөсү А.Бокушевдин, жетиси А.Батукаевдин, тогузу М.Абакировдун тобуна тиешелүү экени аныкталган жана ар кандай кылмыштуу топтордун 89 мүчөсү кармалып, жоопко тартылууда. Бул кылмыштуу топтордон 6 курал-жарак, 2 граната, жардыргыч зат, 112 даана ок-дарылар тартылып алынган. Криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн 31 кг. 560 гр. баңги заты алынган. 2014-жылы ар кандай кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн 89 адам кармалган. Жалпы мүнөздөгү 369 кылмыштын бети ачылган, алардын ичинен адам өлтүрүү – 16, адам уурдоо жана сатуу – 13, каракчылык – 26, опуза тоноочулук – 31, тоноо – 13, зордуктоо – 13, паракорчулук – 16, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу – 19, баңги кылмыштары – 34 ж.б. Кармалгандардан мыйзамсыз сакталып жүргөн 1 даана гранатомет, 25 ок атуучу курал-жарак, 8 даана граната, 1181 ок-дары, 54 кг. 146 гр. баңги заты алынган. Азыркы убакта уюшкан кылмыштуу топтун 14 адамы издөөдө. Ал эми коррупция боюнча 35 кылмыштын бети ачылган. Мамлекеттик кызматчылардан 25 адам кылмыш жазасына тартылган.

Тергөө башкармалыгы

Ички иштер органдарынын тергөө кызматтары 2014-жылы 22439 кылмыш ишин козгогон, ал эми өткөн жылы 22790 кылмыш иши ачылып, 351 ишке аз болгон. Анын негизги себеби – катталган кылмыштардын жалпы саны 147ге азайган. Тергөө кызматтарынын өндүрүшүндө 27780 кылмыш иши катталып, мурдагы жылга салыштырганда 996 ишке аз болгон. Сотко 16071 кылмыш иши жиберилген, ал өткөн жылга салыштырганда 113 ишке аз. Сотко жиберилген кылмыш иштеринин азайышы козголгон жана өндүрүштө болгон кылмыш иштеринин санына байланыштуу. Сотко жиберилген жана укугун калыбына келтирбөө негизинде кыскартылган кылмыш иштери өндүрүштө болгон кылмыш иштерине салыштырмалуу 67,7%ды түзүп, 2,6%га жогору болгон. Тергөө жолу менен ачылган кылмыштардын саны 940тан 962ге жогорулаган. Кылмышка шектүү катары жалпысынан 7330 адам кармалган, салыштырмалуу ал 97 адамга аз. Аны  менен адамдарды мыйзамсыз кармоого жол берилген эмес. Адамдарды кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу боюнча көрсөткүч 24 фактыга азайган. Тергөө мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн кайтарылган кылмыш иштеринин санынын 58ге азайышын да жетишкендик катары караса болот. 2014-жылы кылмыштын болуу себептерин жана шарттарын четтетүү максатында 4462 токтом жиберилип, анын 1880 токтому боюнча жооптор алынган.

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, ИИМдин тергөө башкы башкармалыгынын демилгеси менен “2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасы” иштелип чыгып, ИИМдин Күбөлөрдү коргоо башкармалыгы уюштурулган.

Кылмыш иликтөө багыты

2014-жылы 17863 кылмыш иши катталып, анын ичинен 12864 кылмыштын бети ачылып, ал 72,0%ды түзгөн. Буларды бөлүп карасак, адам өлтүрүү боюнча 346 факты катталса, анын 316 фактысынын бети ачылган. Өлүмгө алып келген оор залал келтирүүдө 59 факты катталып, анын 47 фактысы ачылган. Зордуктоодо 344 факты катталып, 338и ачылган. Тоноодо 1284 факт катталган, ачылбаганы 325.  Каракчылыкта 404 факты, ачылбаганы 58. Уурдоодо 9218 факт, ачылбай калганы 3429. Батир уурулугунда 2509 факт, ачылбай калганы 920. Мал уурулук 935 факт, ачылбай калганы 221.

Жыйындын аягында журналисттер полковниктерге ар кандай суроолорун беришти. Ош аэропортунан уурдалган 5 млн. долларды карактап качкан адамдар кармалган, кылмыштын бети жакында ачылат. Азырынча алардын атын атоо эртелик кылат. Ал эми Канжар Кадыралиевдин оң кол, сол колдору кармалган. Өзү Бишкекте эле, жакында кармалат.

Сымбат МАКСУТОВА