аял кылмыш

Сокулукта “дүкөндөн 31 миң сом жана башка товарларды уурдады” деп шектелип мурда сот жообуна тартылган жергиликтүү тургун кармалды

Сокулук районунда тоноочулукка шектелип мурда сот жообуна тартылган жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен 30 жаштагы Сокулуктун тургуну кайрылган. Анда 7-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар анын дүкөнүнө чатыр аркылуу кирип, 31 миң сомун жана товарларын алып кеткенин айткан.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары мурда соттолгон 37 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: super.kg